Биз менен байланышыңыз

Милициянын кыйноосуна кабылып кайрылгандар көп

Кыска кабар | 18 Сен 2019 | 657 | 0

2018-жылы кыйноого кабылып арыз менен кайрылган 238 адамдын 200дөйү милиция кыйнады деп даттанган. Бул тууралуу Кыйноолордун алдын алуу боюнча Улуттук борбордун директору Нурдин Сулайманов Жогорку Кеңеште маалымат берип жатып билдирди.

Анын айтымында, 2018-жылы Кыйноолордун алдын алуу боюнча Улуттук борборго 238 кабарлоо келип түшкөн. Анын 43% кыйноолорго жана ырайымсыз мамиле жасоолорго байланышкан даттануулар.

2018-жылы кыйноолор тууралуу жазуу жүзүндө келип түшкөн арыздардын абсолюттук көп бөлүгү (91,9%) ички иштер органдарынын кызматкерлери тарабынан кыйноого кабылгандар болууда. Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) кызматкерлери тарабынан болгон кыйноолор жөнүндө 6 кабарлоо бар. Прокуратура органдары кыйноого алды деп түшкөн 123 арызды кароонун жыйынтыктары менен 82 арыз боюнча жазык ишин козгоодон баш тартылган (67%).

Директордун айтымында, кыйноого алуу — 123, ырайымсыз мамиле жасоо жөнүндө – 52, кармоо шарттарына 24 даттануу жана ар кандай багытта башка 39 даттануу болгон.

Бүгүн, 18-сентябрда Жогорку Кеӊештин жыйынында 2018-жыл үчүн кыйноолорду жана башка катаал, адамгерчиликсиз же кадыр-баркты басмырлаган мамиленин жана жазанын түрлөрүнүн алдын алуу боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук борборунун жылдык баяндамасы угулду.

Copyright © 2017 Maral FM