Биз менен байланышыңыз

Рысбеков: Тажикстан барымтага алган кыргызстандыктарга кыйноо болгон

Кыска кабар | 8 мая 2021 | 592 | 0

Кыйноолорду алдын алуу боюнча Улуттук борбор барымтага алынган кыргызстандык туткундарга карата кыйноолорду колдонуу фактысын аныктады.

Кыйноолорду жана башка катаал, адамкерчиликсиз же кадыр-баркты басмырлаган мамиленин жана жазанын түрлөрүн алдын алуу боюнча Улуттук борборунун директору Бакыт Рысбеков, 29-апрелде тажикстан тарабынан барымтага алынган кыргызстандыктар менен жолугушуунун жыйынтыгында, туткундагыларга карата кыйноолор колдонулгандыгын тастыктады.

Учурда Исфанадагы райондук ооруканада жаткан бейтаптар Стамбул протоколунун жол-жобосунан өтүп жатышат.

7-майда Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борбор тарабынан 29-апрелде кыргыз-тажик чек арасында болгон окуялар учурунда барымтага алынган кыргыз жарандарын Стамбул протоколдорун толтуруу жол-жобосунан өткөрүп баштады.

«Стамбул протоколунун жол-жобосу тууралуу жарандар менен түшүндүрүү иштери жүрүп жатат. Ага чейин эле барымтага алынгандар ырайымсыз мамилеге жана кыйноолорго туш болгондугун айтууга болот«, — деп түшүндүрдү Бакыт Рысбеков.

Толтурулган протоколдор Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борбор тарабынан Кыргызстандын Башкы прокуратурасына кошумча кат менен коштолуп берилет.

Copyright © 2017 Maral FM