Биз менен байланышыңыз

Атамбаев Нурдин Сулаймановго абактагы шартын айтып берди

Кыска кабар | 14 Авг 2019 | 572 | 0

Кыйноонун алдын алуу боюнча улуттук борбордун жетекчиси Нурдин Сулайманов Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөө абагында отурган мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге жолугуп чыкты.

Сулайманов мурдагы президент эки кишилик камерада жалгыз отурганын, УКМКнын кызматкерлерине эч кандай дооматы жок экенин айтканын «Азаттык» жазып чыкты.

Кармоо шарттары, тергөөчүлөрдүн мамилеси жакшы. Дары-дармектер бар» дейт. Дарыгерлер күн сайын үч жолу кан басымын текшерип чыгышат экен. Адвокаты да кирип-чыгып атыптыр. Камерада кичинекей жарык берүүчү жабдык бар экен. Болгону ошону кечкисин өчүрүп коюусун суранды. «Кечинде жарык болгондуктан жакшы уктай албай атам. Ошол маселени чечип берсеңер жакшы болмок”, — дейт Нурдин Сулайманов.

Copyright © 2017 Maral FM