Биз менен байланышыңыз

Быйыл өлкө боюнча 80 бала бакча ачуу пландалууда

Өкмөт быйыл аймактарды өнүктүрүү, өлкөнү сараниптештирүү жана балдарды коргоо жылына карата мектеп жана бала бакчалардын курулушуна өзгөчө артыкчылык берет. Учурда өлкө боюнча 58 бала бакчанын курулуш иштери жүрүп, жыл соңуна чейин аларды бүтүрүү пландалууда. Өлкөдө 3-6 жаш аралыгындагы балдардын саны 622 миңден ашуун. Алардын ичинен 460 миңдейи бала бала бакчаларга барбайт. Анын себеби эмнеде? Балдарды толук камтуу үчүн канча бала бакча керек? Көйгөйлөрдү жоюу багытында кандай иштер жасалууда? Бул тууралуу төмөндөгү материалга назарыңыздарды бурабыз.


Кыргызстанда 460 миңден ашуун бала бала бакчага барбайт. Ага бакчалардын жетишсиздиги, калктын демографиялык өсүүсү сыяктуу бир нече себептери бар. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигине караштуу Мектеп, мектепке чейинки, мектептен тышкаркы билим берүү башкармалыгынын жетектөөчү адиси Бакыт Рысбеков билдирди:

 — Биринчиден, акыркы жылдары балдардын төрөлүүсү өстү. Экинчиден, СССР убагында бала бакчалар башка мекемелерге менчиктештирилип кеткен. Ошолорду кайра артка кайтаруу маселеси турат. Ал эми 460 миң баланы бала бакчаларга жайгаштыруу үчүн 280 орундуу дагы 1 миң 6оодөй бала бакча курулушу керек. 

Бакыт Рысбеков белгилегендей, Билим берүү министрилиги бала бакчалардын жетишсиздиги маселесин чечүү багытында жеке бала бакчалар менен кызматташуунун алкагын кеңейтет. Тагыраагы, 5 шаарда жакыр үй-бүлөлөрдүн балдары үчүн мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин кызмат акысынын 50%ы төлөнүп берилет.

— Учурда жеңилдетилген шарт менен 14 бала тарбия алып жатат. Эми аймактарды өнүктүрүү, балдарды коргоо багытында Каракол, Жала-Абад, Ош, Талас жана Баткен шаарларында жарым-жартылай төлөө системасы менен бала бакчаларды ачуу пландалууда. Мамлекеттик колдоону көп балалуу жана социалдык жактан аярлуу үй-бүлөлөргө, ошондой эле багуучусун жоготкон үй-бүлөлөр жана айлык акысы 10-12 миңден төмөн болгон мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер ала алышат. Ата-энелердин биринин I же II топтогу майыптыгы бар үй-бүлөлөр дагы өтүнмө арызын калтыра алышат. 

Өкмөт 2023-жылга чейин балдардын 80 пайызын мектепке чейинки билим берүү мекемелери менен камсыздоо планынын үстүндө иштеп жатат. Ал үчүн менчиктештирилип кеткен же башка мамлекеттик органдарга берилип калган бала бакча имараттарын кайтарып алуу аракети көрүлүүдө. Мындан сырткары, быйыл жергиликтүү бюджеттин эсебинен өлкө боюнча 60-70 бала бакча ачуу пландалууда. Бул тууралуу вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова билдирди.

— Бүгүнкү күндө балдардын 40%ы гана бала бакчалардын ар кандай фомасы менен камсыз болгон. Ошондуктан республикалык жана жергиликтүү бюджеттен каражат бөлүнүп, бала бакчалар салынат. Сокулук районунда 2 институттун имараты бошотулган. Ал жерлерге бала бакча ачылат деп ойлоп жатабыз. Ошол эле «Кыргызпатент» ишканасынын имараты да алынып, учурда мэрия аны бала бакчага айлантып жатат. Октябрь райондук Социалык фонду да имаратын бошотуп берди. Ал да оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүп, бала бакча болот. Мындан сырткары, өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев тарабынан Октябрь жана Ленин райондук Салык кызматынын мекемелерин бошотуу тапшырмасы берилген. Учурда Мүлк фонду аталган мекемелерге башка имарат издеп жатат. Быйыл республикалык бюджеттин эсебинен 10дон кем эмес бала бакча салуу максаты коюлган. 

Ал эми Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги быйыл бала бакчалардын курулушуна артыкчылык берет. Алсак, үстүбүздөгү жылы 10 бала бакча капиталдык оңдоп-түзөөдөн өтөт. Мындан сырткары «Капиталдык салымдар беренеси» боюнча курулушу жүрүп жаткан 58 бала бакчада иштер улантылат. Бул тууралуу аталган агенттиктин Турак-жай жарандык курулуш департаментинин директорунун орун басары Жумабай Каримжанов маалымдады:

— 58 бала бакчанын курулушун толук бүтүрүү үчүн 1 млрд 638 млн сом акча талап кылынат. Биздин агенттикке бардык курулуш боюнча 1 млрд сом акча каралары пландалып жатат. Бирок бул сумма дагы жогорулашы мүмкүн. Анткени быйыл биз да, өкмөт да бала бакчалардын курулушуна көңүл бөлүп, көптөгөн мектепке чейинки билим берүү мекемелерин пайдаланууга берүү максатында тийиштүү иштер жүргүздүк. Капиталдык оңдоп-түзөө жумуштарына 150 млн сом каралат. Анын ичинен 10дон ашык бала бакчада оңдоп-түзөө иштери аткарылат. 

Улуттук статистикалык комитетинин былтыркы жылга карата маалыматка таянсак, Кыргызстанда 3 жаштан 6 жашка чейинки курактагы балдардын саны 621 миң 898ди түзөт. Анын ичинен 197 миңи бала бакчага барат. Бул тууралуу аталган комитеттин социалдык статистика бөлүмүнүн башчысы Жылдыз Рахманова кабарлады.

— 2018-жылы өлкө боюнча 1497 мектепке чейинки билим берүү уюмдары кенже курактагы балдар менен иш алып барган. Алардын ичинен бала бакчага барган балдардын саны 194 миңди түзгөн. Анын 172 миңи 3-6 жаш курак аралыгындагы балдар. Ал эми 2019-жылга алынган маалыматтар үстүбүздөгү жылдын март айында белгилүү болот. 

Кошумчалай кетсек, 2014-жылдан бери өлкөдө 17 бала бакча курулуп, пайдаланууга берилген берилген.

Copyright © 2017 Maral FM