Биз менен байланышыңыз

Атамбаевдин кан басымы төмөндөп кеткени тастыкталды

Кыска кабар | 20 Фев 2020 | 547 | 0

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин кан басымы түшүп кеткен деген маалымат тастыкталды. Бул тууралуу Кыйноолордун алдын алуу улуттук борборунун директору Нурдин Сулайманов маалымат каражаттарына билдирди.

Анын айтымында, бүгүн аталган мекеменин кызматкерлери УКМКда камакта жаткан Атамбаевдин абалынан кабар алып, анын кан басымынын төмөндөп кеткенине күбө болушкан.

Алмазбек Атамбаевдин кан басымы төмөндөп кеткени анык болду. Бүгүн өлчөгөндө 90/70 болгон. Мындан сырткары, анын кан басымы улам көтөрүлүп, түшүп турат. Биздин кызматкерлер менен баарлашканда ал эртең менен кан басымы 85/59 болуп, башы ооруганын айткан. Алмазбек Атамбаевдин кан басымы буга чейин 110/70 болуп турган. Учурда ал дарыгерлердин көзөмөлүндө турат, — деди Нурдин Сулайманов.

Атамбаев ошондой эле УКМКнын тергөө жайынын жетекчилигине жана тергөө кызматкерлерине доосу жок экенин айткан.

Эскерте кетсек, мурдагы президенттин уулдары Кадыр жана Сейтек Атамбаевдер атасы Алмазбек Атамбаевдин ден соолугу начарлаганына тынчсызданганы боюнча маалымат каражаттары кечээ жазып чыгышкан.

Copyright © 2017 Maral FM