Биз менен байланышыңыз

Тиллаев: Лейлек, Баткен райондорунун анклав болуп калуу коркунучу жок

Кыска кабар , Пикирлер | 18 Сен 2019 | 555 | 0

Жогорку Кеңештин депутаты Таабалды Тиллаев «Марал» радиосуна берген маегинде Лейлек, Баткен райондорунун анклав болуп калуу коркунучу жок экенин билдирди.

«Анткени, Кыргызстандын жери бар. Толук рычагдарды колдонуу үчүн Ак-Сай-Рават жолунун курулушун бүтүрүү керек. Тажикстандан киргендердин саны көбөйдү, аны атайын кызмат карашы керек. Бизге келген маалымат боюнча, өлкөдө тажик тараптын атайын кызматынын адамдары да көбөйүп кетти», — дейт Тиллаев.

Эл өкүлү өкмөткө делимитация, демаркация маселелерин чечүүнү тездетүү, Исфана аэропортун бүтүрүү, Ак-Сай-Рават жолун бүтүрүү тапшырмасын коёрун белгиледи. Ал эми премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев коюлган социалдык маселелерди бир жуманын ичинде аткарарына үмүт артты.

Тиллаев депутаттар койгон маселелердин 50-60%ы чечилип жатканын эске салды.

«Жол, суу көйгөйлөрү чечилип, спорт аянтчалары, бала бакчалар курулууда. Бул жерде отуруп алып сындоо оңой. Лейлекте ата-эне, бир туугандарым жашайт. Ал жерге барып келүүнүн өзү — чоң эрдик. Элге оор болуп турганда жүгүн аз да болсо бөлүшүү үчүн сөзсүз түрдө барабыз. Биз абал менен жеринен тааныштык. Кесиптештерим, Өкмөт башчы, министрлер эл менен жолугушту. Маселе сөзсүз чечилет. Биз маселени коюп, анын аткарылуусунда көзөмөлдү да күчөтөбүз», — дейт депутат.

Эске салсак, 15-сентябрда кыргыз-тажик чек арасында жайгашкан Лейлек районуна караштуу Максат айлында эки тараптуу атышуудан бир чек ара кызматкери каза болуп, 13 адам жаракат алган. 16-сентябрда Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабековдун тапшырмасы менен вице-спикер Аида Касымалиева жана 4 эл өкүлү кыргыз-тажик чек арасынан кабар алган. Окуя болгон жерге Өкмөт башчы да барган.

“Чек ара чечилбесе, 3 айыл өкмөтү, 1 район жана 1 шаар анклав болуп калат”

Copyright © 2017 Maral FM