Биз менен байланышыңыз

«Чек ара чечилбесе, 3 айыл өкмөтү, 1 район жана 1 шаар анклав болуп калат»

Кыска кабар , Пикирлер | 17 Сен 2019 | 2272 | 1

Лейлек, Баткен райондорунун абалы абдан оор. Кыргыз-тажик чек арасындагы маселе чечилбесе, Баткен районунун Самаркандек, Ак-Татыр, Ак-Сай айыл өкмөттөрү, Лейлек району жана Сүлүктү шаары анклав болуп калат. Бул тууралуу Баткен облусунун мурунку губернатору Мамат Айбалаев «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, Тажикстанда жайгашкан Кыргызстанга таандык Мургаб жана Жерге-Тал райондорун Ворухка алмаштыруу зарыл. Мындай аракет эки тарапка тең пайдалуу болот.

«Кыргызстан Мургаб жана Жерге-Талда жашап жаткан кыргыздарга көрсөтүлүп жаткан кысымдар боюнча тажик бийлигине үн катышы керек. Тажиктер жайында малын кыргыздын жайытына чыгарат. Кыргыз тарап бул жерден да талаптарды коюшу керек. Айтпай туруп колдонула турган ыкмалар бар», — дейт Айбалаев.

Анын пикиринде, делимитация жана демаркация боюнча түзүлгөн комиссия талаш жерлерди тактоодо 1924-жылдан берки бардык документтерди карап чыгышы шарт.

«Тажиктерге далилдер менен көрсөтүү зарыл, болбосо, алар — өтө акылдуу, куу эл. Мындан улам чай ичип, аш жеген менен иш бүтпөйт. Меселени өзүбүз чече албасак, КМШ, ЖККУ сыяктуу уюмдардын жетекчилеринин оюн угуу зарыл. Жыйынтык биздин аракетке жараша болот», — дейт Айбалаев.

Ал мындан сырткары, чек арага чектеш аймакта жашаган калкты салыктардан бошотуп, жеңилдик берүү керек экенин кошумчалады.

1 пикир

1 пикир

  1. Замирбек Садыков

    17.09.2019 23:01

    Мамат Айбалаевди чек ара комиссиясына созсуз кошуу керек. Баткен областы гана эмес Ноокат районунун Улуу-Тоосунда да озбектер коп жерлерге кирип келди.Биз сизге гана ишенебиз.

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM