Биз менен байланышыңыз

Кыргыз-тажик чек арасында абал салыштырмалуу туруктуу

Кыска кабар , Пикирлер | 17 Сен 2019 | 619 | 0

Кыргыз-тажик чек арасында абал кечээки күнгө салыштырмалуу туруктуу. Чек ара күчөтүлгөн тартипте кайтарылып жатат. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынын чек араны кайтаруу башкармалыгынын башчысы Кубатбек Жээнбаев «Марал» радиосунун түз эфиринде билдирди.

Анын айтымында, Максат айылынын жанындагы такталбаган кыргыз-тажик чек ара тилкесине тажик жараны курулуш иштерин жүргүзгөн. Аны токтотуу боюнча сүйлөшүүлөр болуп жатканда тажик тараптан ок атылган. Анын жыйынтыгында, Чек ара кызматынынын 7 аскери жаракат алып, бир кызматкер каза тапкан.

«Чырдын чыгышы ар тараптуу болуп келе жаткан. Эң негизгиси, чек ара тилкесинин такталбаганы себеп болду. Кыймыл-аракетти координациялоо максатында Чек ара кызматынын төрагасынын биринчи орун басары Абдикерим Алимбаев ошол жерде болгон. Андан сырткары, биздин жетекчи тажик кесиптеши менен телефон аркылуу сүйлөшкөн. Натыйжада атышуулар токтотулган», — дейт Жээнбаев.

Эске салсак, кечээ кыргыз-тажик чек арасында жайгашкан Лейлек районуна караштуу Максат айлында эки тараптуу ок атышуудан бир чек ара кызматкери каза болуп, 8 адам жаракат алган.

Лейлек: Каза болгон аскердин артында 3 баласы, апасы жана жубайы калды

 

Copyright © 2017 Maral FM