Биз менен байланышыңыз

Лейлек: Каза болгон аскердин артында 3 баласы, апасы жана жубайы калды

Кыска кабар | 17 Сен 2019 | 3426 | 0

Лейлек районунун Максат айылындагы ок атышууда атайын даярдыктагы «Бөрү» аскердик отрядынын прапорщиги Равшан Муминов каза тапты. Бул тууралуу Чек ара кызматы кабарлады.

Муминов тажик тараптан ыргытылган жардыргыч заттан жабыркап, набыт болгон.

Равшан Муминов 1978-жылдын 31-октябрында Ташкент шаарында туулган. Анын артында апасы, 3 баласы жана жубайы калды.

Ок атышууда андан башка 6 чек ара кызматкери ар кандай жаракат алды. Алардын экөөсүнүн абалы оор.

Copyright © 2017 Maral FM