Биз менен байланышыңыз

Замир Арыкбаев: Акзыйнат Эшпаева менен ырдаган ырыбыз хит болуп кетти [видео]

«Марал-шоу» программасынын бул жолку коногу белгилүү ырчы Замир Арыкбаев болду.  

Биздин доор DVD, дисктер жаңы чыгып баштаган учурга туш келдик. Ырларыбызды калың элдин катмарына жайылткан ошол каражаттар болду. Ал убакта жаңылык жаратуу, өзүңдү пиар кылуу абдан оор эле. Учурда телеканал, радиостанция көбөйүп, интернет кеңири жайылып, адамдар ал нерсеге «тоюп» калды. Угарман ылгап, тандап, көбүнчө санга эмес сапатка маани бере баштады.

Азыр Акзыйнат Эшпаева менен дуэт аткарган «Кайдасың бул күндө?» аттуу ырыбыз угарманды көп топтоп жатат. Ал ырды Фейсбук баракчама жүктөп койгом. Бирок көп көрүүчү топтойт деп ойлогон эмесмин. Чындыгында, бул ырды казактардан которуп, аткардык. Албетте, уруксат сурап жаздырдык. Казактар өздөрү да жактырып, комментарий калтырып жатышат.

Copyright © 2017 Maral FM