Биз менен байланышыңыз

Сауд Аравия: Дрон менен жардыруудан соң мунайдын баасы көтөрүлүп кетти

Дүйнө , Кыска кабар | 16 Сен 2019 | 561 | 0

Сауд Аравиядагы мунай кенине болгон чабуулдан соң, нефтинин баасы 19%га көтөрүлдү. Дрон менен жасалган чабуулда дүйнөгө таркалуучу нефтинин 5 пайызы жок болгон.

Маалыматка ылайык, «Brent» маркасы 19 пайызга, Америкадан келчү «West Texas» маркасы 11 пайызга өскөн. Нефтинин баасын арзандатып, муктаждыкты толуктоо үчүн АКШ президенти Дональд Трамп Америка мунайын колдонорун айтты. Андан соң «Brent» маркасы кайра арзандап, жалпы кошулган сумма 13 пайызды түздү.

Эске салсак, 14-сентябрда Сауд Аравиясындагы «Aramco» мамлекеттик компаниясына таандык эки ири мунай кенине дрондон чабуул коюлган. Бул чабуул үчүн йемендик «Хусит» козголоңчулары жоопкерчилик алды. Ушундан улам акыркы суткада мунай өндүрүү эки эсеге азайганы кабарланган болчу.

Copyright © 2017 Maral FM