Биз менен байланышыңыз

Күрөш: Атабек Азизбеков дүйнө чемпионатында коло байге үчүн таймашууда

Кыска кабар , Спорт | 16 Сен 2019 | 1837 | 0

Кыргызстандын грек-күрөшүнүн балбаны Атабек Азизбеков Казакстандын Нур-Султан шаарында өтүп жаткан Дүйнө чемпионатында 97 кило салмакта көңүл жубатуучу этапта түркмөн балбанын 6:0 эсебинде утту. Эми бул этапта кытайлык Жунжие НА менен кармашат.

Ушул күндөрү спорттук күрөш боюнча Дүйнө чемпионаты Казакстандын Нур-Султан шаарында өтүп жатат. Анда ар бир салмакта 1-ден бешинчиге чейинки  орунду камсыздаган балбандарга 2020-жылы Токиодо өтүүчү Олимпиада оюндарына жолдомо берилет.

Copyright © 2017 Maral FM