Биз менен байланышыңыз

6 жыл комада жаткан Шумахер ооруканадан чыкты

Дүйнө , Кыска кабар | 16 Сен 2019 | 469 | 0

«Формула-1» жарышынын 7 жолку чемпиону Михаэль Шумахер ооруканадан үйүнө чыгарылды. Бул тууралуу ТАСС агенттиги жазды.

Бир жума мурда 6 жылдан бери комада жаткан Михаэль Шумахер эсине келгендиги тууралуу маалымат айтылган. Буга чейин ал жүрөк-кан тамыр хирургиясы бөлүмүнө жашыруун которулган. 50 жаштагы спортчу Париждеги Жорж Помпиду атындагы бейтапканада дарыланды.

Спортчуну дарылоо ыкмасы белгисиз жана адистер жашырып келишет.

Белгилей кетсек, Шумахер мындан алты жыл мурун Франциянын Мерибель эс алуу жайында лыжа тээп жүрүп кырсыктаган. Баш сөөгү жабыркап, спортчу ошондон бери комада болчу.

Copyright © 2017 Maral FM