Биз менен байланышыңыз

Украина темир жолсуз калышы мүмкүн

Дүйнө , Кыска кабар | 15 Сен 2019 | 517 | 0

Украина «Укразализныци» жүк ташуу компаниясын жеке менчикке берип ийсе, темир жолсуз калышы мүмкүн. Бул тууралуу Украинанын Инфратүзүм министринин мурдагы орун басары Александр Кава CapitalTV YouTube каналына маек берип жатып билдирди.

«Жүк ташуу компаниясын менчикке чыгартууну темир жол тармагында иштебегендер жана Европанын бул тармактагы тажрыйбасын эске албагандар мерчемдеп жатышат. Айталы, Европада темир жол инфратүзүмү мамлекеттик менчикке кирет. Кыймылдуу курам тууралуу айта турган болсок, Европадагы көпчүлүк өлкөлөрдүн базарында мамлекеттик жүк ташуу басымдуулук кылат», — деди ал өз сөзүндө.

Ошондой эле, Латын Америкасында да ушундай окуя болгонун, анын кесепетинен темир жолдун үчтөн экиси кыйроого учурап, жүргүнчү ташуу дээрлик токтоп калганын мисал келтирди.

Белгилей кетсек, буга чейин «Укразализныци» компаниясынын жетекчилиги өткөн жылдын жайында өлкөсүндөгү темир жолдорду түп-тамырынан жаңылоого убада берген. Тилекке каршы, компаниянын тейлөөсүнөн пайдаланып жүргөндөр темир жолдордогу абал күндөн-күнгө начарлап баратканын айтышууда. Мындан улам, аталган компанияны жеке менчикке чыгартуу боюнча демилге көтөрүлгөн эле.

Copyright © 2017 Maral FM