Биз менен байланышыңыз

Испания: Кара нөшөр алты адамдын өмүрүн алды [сүрөт]

Дүйнө , Кыска кабар | 15 Сен 2019 | 586 | 0

Испанияда үч күн тынбай жааган кара нөшөр алты адамдын өмүрүн алды. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар кабарлады.

Испаниянын түштүк-чыгышында жайгашкан Валенсия, Мурсия, Андалузия, Алмерия, Аликанта провинцияларындагы көчөлөрдү каптаган нөшөрдүн суусу тизеге жетип, автоунаа жүрбөй калды. Андыктан, өлкө бийлиги шаардагы бардык окуу жайларды, ишканаларды убактылуу жаап, провинция тургундарын коопсуз жайларга көчүрүүгө мажбур болду.

Бүгүн, 15-сентябрга алынган маалыматтарга караганда, кырсыктан жапа чеккендерге жардам көрсөтүү дале уланып жатат. Куткаруу иштерине 117 аскердик бөлүк жана бир нече тик учак тартылды. Испаниянын премьер-министри Педро Санчес кырсыктан кыйраган аймактарды кыдырып, жабыр тарткандарга жардам берүү боюнча тиешелүү тараптарга тапшырма берди.

 

 

 

Copyright © 2017 Maral FM