Биз менен байланышыңыз

Жааган жаандан Бишкекте жана Чүйдө айрым үйлөрдүн короолорун суу каптады

Кыска кабар | 19 мая 2020 | 606 | 0

Бишкек шаарынын Биринчи Май районунда 18-май күнү саат 21:00дө жааган жаандын кесепетинен Ладожская көчөсүндө жайгашкан 3 турак үйдүн короолорун суу каптаган  жана Коммунаров көчөсүндө жайгашкан 1 турак үйдүн короосуна жана жер төлөөсүнө суу кирген. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Тазалоо иштерине ӨКМдин Бишкек шаардык Куткаруу кызматынын куткаруучулары, ӨКМдин Биринчи Май райондук бөлүмүнүн ыкчам топ жана «Бишкекзеленхоздон» атайын унаасы тартылган.

Куткаруучулар мотопомпанын жардамы менен сууну сордуруп, короолорун тазалап беришкен.

Ошондой эле, Ленин районунда 18-май күнү саат 21:00дө жааган жаандын кесепетинен Кривоносова көчөсүндө жайгашкан турак үйдүн короосун суу каптаган. Ага ӨКМдин Ленин райондук бөлүмүнүн куткаруучулары барып, суу каптаган короону тазалап беришкен.

Мындан сырткары, Чүй облусу Аламүдүн районунда 18-май күнү саат 21:00дө жааган жаандын кесепетинен арыктан суу ашып, Пригородное айылынын Садовое көчөсүндө жайгашкан №29 үйдүн короосун суу каптаган.

Аламүдүн райондук Өзгөчө кырдалдар башкармалыгынан куткаруучу, айыл аймактан 1 экскаватор тартылган.

Тартылган күчтөрдүн жардамында суунун нугун бурушкан.

Copyright © 2017 Maral FM