Биз менен байланышыңыз

11-июлга карата аба ырайы тууралуу маалымат

Кыска кабар | 10 Июл 2020 | 421 | 0
Автор: Зефер Динжер

Кыргызгидромет билдиргендей, 11-июлда Кыргызстандын аймагында туруксуз аба-ырайы күтүлөт. Мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн. Кээ бир райондордо жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Айрым жерлерде мөндүр жаашынын ыктымалы бар. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт. Абанын температурасы бир аз төмөндөйт.

Абанын температурасы:

Чүйдө түнкүсүн +13 … +18 °C, күндүз +27 … +32 °C;

Таласта түнкүсүн +12 … +17 °C, күндүз +26  … +31°C;

Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +15 … +20 °C, күндүз +28 … +33 °C;

Ысык-Көлдө түнкүсүн +8… +13 °C, күндүз +20 … +25 °C

Нарында түнкүсүн +7 … +12 °C , күндүз 19 … 24 °C

Бишкек шаарында 11-июлда түнкүсүн күн ачык болуп, күндүз жаан жаашы күтүлөт. Абанын табы түнкүсүн  16 … 18 °C градус, күндүз 30 … 32 °C градус болот.

Copyright © 2017 Maral FM