Биз менен байланышыңыз

16-июлга карата аба ырайы тууралуу маалымат

Кыска кабар | 15 Июл 2020 | 450 | 0
Автор: Ахмет Доан

16-июлда туруксуз аба-ырайы күтүлөт. Күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Ошол себептен, коопсуздук иш-чараларды сактап жергиликтүү калктын жана мекемелердин, ишканалардын, уюмдардын күч-каражаттарын тартуу менен арыктарды, суу өткөрүү түтүктөрүн жана ошондой эле дренаждык түйүндөрдү тазалоо иш-чараларын жүргүзүү зарыл.

16-июлда түнкүсүн жана күндүз өлкөнүн көпчүлүк аймактарында өткүн өтүп, күн күркүрөйт.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +15…+20, күндүз +30…+35;

Талас облусунда түнкүсүн +12…+17, күндүз +30…+35;

Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында түнкүсүн +17…+22, күндүз +32…+37;

Ысык-Көлдө түнкүсүн +9…+14, күндүз +23…+28,

Нарында түнкүсүн +7…+12, күндүз +23…+28 градус жылуу

Бишкекте жаан чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн +18…+20, күндүз +33…+35.

Copyright © 2017 Maral FM