Биз менен байланышыңыз

Курсан Асанов Кой-Таш окуясы боюнча атайын комиссияга маалымат берди

Кыска кабар | 13 Сен 2019 | 554 | 0

Ушул жылдын 7-8-августунда Кой-Таш айылында болуп өткөн окуяны иликтөө боюнча мамлекеттик комиссиянын мүчөлөрү бүгүн Курсан Асанов жана Равшан Жээнбековдун маалыматын угушту. Жыйынга Жогорку Кеңештин депутаты Асель Кодуранова да чакырылган болчу. Ал айрым себептерге байланыштуу жыйынга катыша алган эмес. Бул тууралуу Өкмөттүк Аппараттын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.

Жыйында алар 7-8-августта Кой-Таш айылында окуялардын өнүгүшү, өздөрүнүн түздөн-түз катышуусу тууралуу айтып, комиссия мүчөлөрүнүн суроолоруна жооп беришкен. Кандай маалыматтарды айтканы, кандай суроолорго жооп бергени тууралуу маалымат берилген жок.

Белгилей кетсек, Премьер-министрдин буйругу менен Кой-Таш окуясын иликтөө боюнча мамлекеттик комиссиянын курамына эки жаңы катышуучу киргизилген, алар: коомдук ишмерлер Клара Сооронкулова жана Жаркынбек Касымбеков.

 

Copyright © 2017 Maral FM