Биз менен байланышыңыз

Жаңы жүздөр өлкөнү өзгөртүүнү көздөйт

Саясат | 12 Сен 2019 | 646 | 0

Бүгүн 12-сентябрда «Жаңы жүздөр — жаңы күчтөр» аталышындагы I республикалык форум өттү. Анда эне тилди жайылтуу, экономиканы көтөрүү жана кен байлыктарды туура пайдалануу маселелери талкууланып, аны чечүү жолдору сунушталды. Форумдун башкы максаты бийликке жаштарды тартуу, реалдуу өнүктүрүү пландарын түзүү, мамлекеттин ички жана тышкы карыздарын жоюу болуп эсептелет.

Кыргызстанды ар тараптан  өнүктүрүү багытында буга чейин көптөгөн форумдар өткөрүлүп келген. Ал эми «Жаңы жүздөр — жаңы күчтөр» форумунун айырмачылыгы — анда айтылган пикирлер жөн гана сөз бойдон калбайт. Мындай пикирди аталган иш-чаранын уюштуруучуларынын бири Темирлан Бекботоев билдирди. Ал өз сөзүндө, мамлекет таза саясатка, жаңы жүздөргө муктаж экенине токтолду.

— Биз өкмөткө, депутаттарга ичибиздеги болгон негатив сөздөрдү айтканыбыз менен көйгөй чечилбейт. Бирок андай кептерди айтып, көзөп көрсөтүп турган да адам керек. Жаңычылдык керек бизге. Реформа жасап, калыптанган, салтка айланган кадамдар жоюлса, кадимкидей прогресс байкалмак. Бирок үмүттү үзгөндүн кереги жок. Жаштар келерине, алардын ачылыш жасаарына ишенем.

Ал эми журналист Канышай Мамыркулова учурдагы мамлекеттин  эң чоң көйгөйү — эне тилдин начар жайылышында экенин айтат. Кыргыз тилинде китептер чыгып, кыргыз тилиндеги жаңы сөздүктөр басылып элге тараса да, нукура таза тил аксап баратат. Ошондой эле, эне тилдин жалпак тил менен гана жайылып, сөздөрдүн маани-маңызы бузулуп жатканына нааразы.

— Бизге ар дайым дымак керек деп айтабыз. Бирок алгач, курулган нерселер, көрсөтүлгөн багыттар өз ордун таппаса, мен ойлом эч нерсе алдыга жылбайт. Маселен, Жогорку Кеңеште эне тил күнүн белгилеп, талкууга алды. Бирок бул — чектелбеши керек. Бишкек шаарында 95 % мектеп орус тилинде болуп жатса, иш-чаралар, кагаздар орус тилинде жүрүп жатса, каяктагы өнүгүү? Эң алгач ушул көйгөйдү чечип алсак, калганы өз нугу менен кетмек. Ооба, эл кыргыз тилинде сүйлөп жатат, китеп басылып жатат. Бирок бардыгы жалпак тилде эле болууда. Нукура тил, көркөм сөз жоголуп баратат.

Курултайдын чечимдерин аткаруу комитетинин төрагасынын орун басары Айбек Бузурманкулов: «Жаңы жүз, жаңы күч болуш үчүн үч нерсеге туруштук бериш керек», — деп эсептейт. Алар: байлык, бийлик жана крим чөйрөсү. Өлкөнү өнүктүрүүдө жаңы пландар көтөрүлөт, эгерде чыккан идея бийликке жакпай калса, анда бийлик жаңы жүздөрдү кызмат менен сатып алат, же акча менен оозун жабат. Жогоруда айтылган мисалдар максатына жетпесе, коркутуулар башталат. Бузурманкулов мындан сырткары, мамлекеттин ички жана тышкы карыздарын чечүү жолдору тууралуу бир топ мисалдарды айтып, сунуш киргизди.

— «Кыргызстан карызга батып калды» деген маалыматтар кетип эле жатат. Бирок, 28 жылдан бери кыргыздын кен байлыктары чет мамлекеттик компанияларга ит бекер сатылып келет. 27 алтын кенге лицензия берилиптир. Ошонун дээрлик 90%ында кыргыздардын үлүшү жок. Бул нерсени саясатчылардын кыянаттыгы, коррупциянын тамырлап кеткени десек туура болот. Бизде алтын чыккан жерлерибиз бар. Бирок башка өлкөнүн компаниялары ээлик кылып алууда. Сатылып жатат. Менин сунушум, чет мамлекеттердикиндей кылып мыйзамдаштыруу керек. Алтын чыкчу жерлердин 70%ы бизге таандык болуусу шарт. Ошондо гана ички жана тышкы карыздар жоюлат.

«Кыргызстан эгемендүүлүгүн алганына 28 жыл болсо да, кыйраткан деле иштер болгон жок», — дейт Туризм департаментинин мурдагы жетекчиси Максат Чакиев. Ал жаштарды алдыга сүрөө, калыптанып калган системаларды жоюу менен гана батып калган коррупциядан суурулуп чыгууга жол табыларын белгиледи.

— Бизде амбиция болушу шарт. Айттыкпы, жасашыбыз керек. Эски системаны жоюп, коңшу мамлекеттерге жараша секирик болуш керек. Сөздөр, ойлор — бардыгы куру кеп. 28 жылдан бери канча шайлоону башыбыздан өткөрдүк. Канчалаган убадалар, пландар айтылды. Жыйынтыгы кана? Көрүнбөй эле. Ошон үчүн менин сунушум, амбицияны бийик коюп, аны багындыруунун жолдорун табышыбыз керек.

Жыйындын соңунда «Жаңы жүздөр — жаңы күчтөр» республикалык форуму өз ишин мындан ары да улантары айтылды. Ошондой эле, алдыга коюлган максаттарга жетүү үчүн тынбай кадамдар жасала берери белгиленди.

Ширин Айтматова коррупцияга каршы “ҮМҮТ2020” кыймылын түздү

Copyright © 2017 Maral FM