Биз менен байланышыңыз

Ширин Айтматова коррупцияга каршы “ҮМҮТ-2020” кыймылын түздү

Кыска кабар | 31 Авг 2019 | 825 | 0

Мурдагы депутат Ширин Айтматова жалпы элди Эгемендүүлүк күнү менен куттуктап, ата- бабалардын өнүккөн, эгемен, демократиялык мамлекетти курууну максат кылганын бирок, 28 жыл ичинде Кыргызстан эң кедей өлкөлөрдүн катарына кошулганын, өлкөдө коррупция тамыр жайып, парламент өз милдетин аткарбай, соттор бийликтин айтканынан чыкпай жатканын  сындап, өлкөнү элге кайтаруу максатында “ҮМҮТ2020” деп аталган элдик кыймыл түзүлгөнүн жарыялап, коомчулукка «Фейсбук» социалдык баракчасынан видео кайрылуу жолдоду.

Ширин Айтматова билдиргендей, аталган кыймылдын негизги максаты көп жылдар боюу элдин акчасын жеп жаткан коррупционерлерди жана мандаттын өзүнүн жеке баюусу үчүн колдонгон депутаттарды көрсөтүү жана өлкөнүн өнүгүү стратегиясынын альтернативасын сунуштоо.

Эске салсак, ал ушул жылдын жайынан баштап коррупцияга каршы өнөктүгүн баштаган.

Обращение Ширин Айтматовой ко Дню независимости Кыргызской Республики. #кыргызстан #мамлекет #үмүт2020 #биримдик #тазамамлекет #тазаөлкө #ширинайтматова #үмүт2020 #эгемендүүлүк @AitmatovaShirin #kyrgyzstan #freekg

Опубликовано Umut2020 Пятница, 30 августа 2019 г.

Copyright © 2017 Maral FM