Биз менен байланышыңыз

Матраимов: 700 млн долларга эч кандай тиешем жок (видео)

Кыска кабар | 6 Дек 2019 | 863 | 0

Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов Улуттук коопсуздук комитетине (УКМК) бүгүн, 6-декабрда сурак берип чыкты.

Журналисттерге берген интервьюсунда август айынан бери чет мамлекетте бизнес менен алектенип жүргөнүн, козголгон кылмыш ишине байланыштуу кайра Кыргызстанга келип, тергөө менен кызматташууга барганын жана ага карата козголгон кылмыштардын бетин ачууга кызыктар экендигин билдирди.

Ошондой эле, анын «Азаттыктын» иликтөөсүндө айтылган 700 млн долларга эч кандай тиешеси жок экендигин жана Айеркен Сайимаити менен эч кандай тааныштыгы болгон эместигин билдирди.

Мындан сырткары, Райымбек Матраимов аброюна шек келтирип, жалган маалыматтарды тараткандыгы үчүн «Азаттыктын» журналисти Али Токтакуновду жана мурунку депутат Ширин Айтматованы сотко бергендигин кошумчалады.

Эске салсак, Райымбек Матраимов кытайлык ишкер Айеркен Саймаитини мындан эки жыл мурун өлтүрүүгө аракет кылып, кол салган фактыга байланыштуу күбө катары суракка чакырылганын Атайын кызмат билдирет.

УКМК билдиргендей, “Киши өлтүрүүгө аракет кылуу” беренеси боюнча Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган журналисттик иликтөөнүн материалдарына ылайык, сотко чейинки териштирүү жүрүп жатат.

Copyright © 2017 Maral FM