Биз менен байланышыңыз

Ширин Айтматова: Сурак мыйзамдуу негизде тынч өттү

Кыска кабар | 5 Дек 2019 | 574 | 0

Жогорку Кеңештин экс-депутаты, «Үмүт-2020» коррупцияга каршы коомдук кыймылынын түзүүчүсү Ширин Айтматова Улуттук коопсуздук комитетинде сурак берди. Ал кечээ түштөн кийин УКМКга суракка чакырылып, дээрлик 5 сааттан кийин чыккан. Бул тууралуу ал өзүнүн twitter баракчасына жазды.

-Сурак мыйзамдуу негизде тынч өттү. Кандай болгон күндө да кейиштүү таасирлер бар. Сытиндин «Тянь-Шандын конторбандисттери» аттуу повестти окуп чыгууга үлгүрдүм. Мен ойлоп сарсанаа болгондорго ыраазычылыгымды билдирем», — деп жазат ал.

Айтматова суроолор негизинен, акча ташып иштеп, Стамбулда өлтүрүлгөн Эркин Саймаитинин өлүмү, ага болгон коркутуулардын тегерегинде болгонун белгилеген.

УКМК жазуучу Чыңгыз Айтматовдун кызын «Азаттык» радиосу, «Уюшкан кылмыштуулукту жана коррупцияны иликтөө долбоору» (OCCRP) жана анын Кыргызстандагы өнөктөшү «Kloop» маалымат агенттиги чогуу жүргүзгөн журналисттик иликтөө боюнча суракка чакырган.

Буга чейин иликтөөдө ысымы айтылган жана байланышы бар делген Бажы кызматынын башчысынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов, парламенттин депутаттары Дүйшөн Төрөкулов, Алтынбек Сулайманов суракка келишкен.

Эске сала кетсек, аталган иш боюнча азыркы премьер-министр Мухаммедкалый Абулгазиевден «Азаттыктын» журналисттерине чейин суралары тууралуу УКМКдан билдиришкен.

Copyright © 2017 Maral FM