Биз менен байланышыңыз

УКМК Айтматованын күйөөсү делген жарандын кармалышы боюнча маалымат берди

Кыска кабар | 20 Дек 2019 | 2375 | 0

Улуттук коопсуздук комитети (УКМК) Сыргак Кенжебаевдин кармалышы  боюнча билдирүү таратты. Сыргак Кенжебаев бүгүн 20-декабрда УКМК тарабынан кармалып, тергөө абагына киргизилди. Анын баш коргоо чарасы мыйзамда көрсөтүлгөн мөөнөттө чечилет. Кенжебаев ири көлөмдөгү акчага алдамчылык жасаган деп шектелүүдө.

Маалыматка ылайык, УКМКга Кытай Эл Республикасынын М.М. аттуу жараны арыз менен кайрылып, Сыргак Кенжебаев анын ишенимине кирип, алдамчылык жолу менен 350 миң доллар акчасын алып алганын, ошондуктан ага карата чара көрүүнү талап кылган.

Бул факты кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине ири өлчөмдөгү алдамчылык беренеси боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган. Кытай жараны М.М. “Коопсуз шаар” долбоорунун экинчи этабына катышуу максатында Кыргызстанга келген. Ал кытайлык ири компаниянын өкүлү катары бул стратегиялык долбоорго инвестиция салуу жана аны  ишке ашырууну максат кылган.

“Коопсуз шаар” долбоорунун конкурсуна катышууга даярданып жүрүп М.М. кыргызстандык Сыргак Кенжебаев менен таанышып калат. Сыргак Кенжебаев ар кандай амалдар менен кытай жаранынын ишенимине кирип, анын 350 миң доллар акчасын алып, кийин ал суммадагы каражатты кайтарып берүүдөн баш тартат.

Мындан сырткары, сотко чейинки өндүрүштүн алкагында Сыргак Кенжебаев кытай инвесторунан дагы 250 миң АКШ долларын талап кылган далилдер табылды. Жогорку Кеңештин экс-депутаты Ширин Айтматова кечээ түнү твиттер баракчасы аркылуу күйөөсүн УКМК кармап кеткени тууралуу билдирүү тараткан.

УКМК мындай маалымат жок экенин билдирет. Анткени Ширин Айтматова УКМКга берген сурактарынын биринде Сыргак Кенжебаев менен кайсыл бир мезгилде жарандык никеде гана жашаганын, учурда ажырашканын айткан.

Copyright © 2017 Maral FM