Биз менен байланышыңыз

Экс-президенттин сөзү талкууда

Коом | 4 Дек 2019 | 1084 | 0

Экс-президент Роза Отунбаева Бишкектеги феминисттик көргөзмө айрым бир патриоттук топтордун басымы астында жабылып калганын сындап, бул көргөзмөнү жаптырып салууну “караңгылык” жана “түркөйлүк” деп баалаган. Айрыкча, экс-президент айылдан шаарга келгендер ушундай бийик искусствону түшүнбөй жатканына кейип, «маданиятыңарды көтөргүлө» деген пикирин айткан. Анын бул сөздөрү социалдык тармактарда курч сынга кабылып, эл башкаргандар коомду “айылдык жана шаардык” деп бөлдү деген сөздөр желдей тарай баштады. Ушундан улам, коомдун минтип жиктеле башташына кайсы факторлор себеп болууда? Же чындап эле ички миграция урбанизацияга ыңгайлаша албай жатабы деген суроолордун алкагында коомчулук өкүлдөрү менен ой терметип көрдүк.

Экс президент Роза Отунбаева коомдук иш-чаралардын биринде борбордо элеттен келгендердин көбөйгөнүн, бирок алардын маданий деңгээли же жүрүм-туруму коомду артка тартып жатканын айтып сындады.

-Музейдеги көргөзмөдөн кийин чоң-чоң жигиттер келип, маданият министрин коркутуп, музейдин директорун жумуштан алышты. Андан көрө, музейге баргыла да. Музейдин жытын да билбейт алар. Өзүңөрдүн маданиятыңарды көтөргүлө. Болбойт мындай. Бүгүнкү күндө «современный» искусство деген бар. Парламент каякты карап жатасыңар? Жогорку Кеңеште социалдык маселелерди караган комитет бар. Бул боюнча музейдин директору эмне себептен кызматтан алынды деп министрден, вице-премьер-министрден, керек болсо, премьер-министрден сурап койбойсуңарбы.

Роза Отунбаеванын “айылдыктар” деген сөзү социалдык тармактарда катуу сынга кабылды. Арасында колдогондор жана тескерсинче, терс пикирлерин айткандар да бар. Журналист Канышай Мамыркулова эл башкарган адамдын, айрыкча, интеллигенция өкүлүнүн “айылдык жана шаардык” деп элди экиге бөлүп сүйлөгөнүн такыр туура эмес деп эсептейт. Ал Отунбаеванын буга чейинки кыргыз үчүн эмгеги зор болгонун, бирок музейдеги көргөзмө боюнча айткан пикирин таптакыр колдобой тургандыгын төмөнкүчө айтып өттү:

-Кыргыздын өзүнө тиешелүү улуттук баалуулугу бар. Биз ошол уңгубузду сактап калышыбыз керек. Мен өлкөгө маданият адамын тарбиялап жаткан адам катары айта турган болсом, менин кызым сүрөтчү, бирок кээде менин пикиримди да кызым туура эмес кабыл алып калышы мүмкүн. Роза Отунбаеванын музейдеги көргөзмө боюнча буга чейин фейсбуктан жазган пикири ар тараптуу жана салмактуу болгон. Бирок кечээ сүйлөгөн сөзү таптакыр туура эмес. Искусство деп эле кыргызга тиешелүү баалуулуктарды жоготуп алуудан алыс болушубуз керек.

Искусство эркиндикти жана өзгөчөлүктү сүйөт деп маданият өкүлдөрү буга чейин да көп айтып келишкен. Ал эми музейдеги көргөзмө маданият өкүлдөрүнүн баамында туура болдубу? Биз бул боюнча Кыргыз Республикасынын Эл артисти Каныкей Эралиевага кайрылдык. Анын пикиринде, дүйнө маданияты башка эрежелерге жооп бергендей эле, кыргыз искусствосунун да жазылбаган бир катар эрежелери бар экенин эске алуу керектигин айтат:

-Бул кадам таптакыр туура эмес. Искусство деп жылаңач басуу — акылга сыйбаган кадам. Батыш маданиятын туурабашыбыз керек. Алар наркотик колдонуп, сахнага чыгып алып ар кандай кадамдарга барышат. Эртең биздин ырчылардан бирөө чыгып ошентсинчи, ташбараңга алып кетпейби?! Ошондуктан арыдан-бери болуп, чыгармачылыкты менталитетке ылайыкташыбыз керек. Кантсе да кыргызбыз да.

Маданият министри музейдеги феминисттик көргөзмөнү сындады

Деген менен тарбия маселелери боюнча адис Асылбек Жоодонбеков экс-президент Роза Отунбаеванын айткандарын колдойт. Эркин искусстводо эч кандай тыюу болбош керкетигин айтып, кандайдыр бир маселе көтөрүлгөндө менталитетти көтөрө чапкан туура эмес дейт. Музейге баргыла деген сөз, маданиятты сыйлоо, түшүнүк алуу деген бул башкача маани экенин, чыгармачыл адамдар маалыматты туура эмес таратып, хайп жаратуу үчүн жасабаш керек. Көргөзмө тууралуу бул эркин исскуство, каалаган адамдар барып көрө берсин, каалабагандарды эч ким кыйнабайт дейт Жоонданбеков:

-Азыр социалдык баракчалардын заманы. Ким эмне айтпасын дароо хайпка айландырышат. Мисалы, Роза Отунбаева болгону «музейге баргыла, көргүлө» деген эле маанини айткан. Бирок ошол жерин, айылдыктар-шаардыктар деген жерди кесип алып, коомчулукка таратып жиберишти. Бул туура эмес. Бул искусство. Муну ушундай кабыл алыш керек. Жакпаса барбай эле коюш керек. Барбагыла, көрбөгүлө. Чыгармачыл адамдар эмгектерин кантип беришти өздөрү туура көрсө, ошондой кылып чагылдырып берет. Муну исскуство дейт.

27-ноябрда Гапар Айтиев атындагы  көркөм сүрөт музейинде аялдардын укугун коргоого багытталган Феминнале аттуу иш-чара уюштурулган. Бул көргөзмө 17 күнгө созулмак. Бирок андагы айрым уяттуу сүрөттөр жана чет жактан келген айымдардын жылаңач жүргөнү сындалып, эл ичинде ызы-чуу жаратты. Мындан улам, аталган музейдин директору Мира Жангарачева жумуштан кетип, маданият министрлиги бул көргөзмөнү кыргыз менталитетине туура келбейт жана аша чапкандык деп баалаган. Ал эми БУУ бул окуя боюнча өз пикирин айтып, аялдардын укугун коргогон иш-чара басмырлоого кабылганына тынчсыздангандыгын билдирген.

Copyright © 2017 Maral FM