Биз менен байланышыңыз

Музейдеги тосмо боюнча эл менен эксперт эмне дейт?

Кыска кабар | 21 Сен 2020 | 628 | 0

Улуттук тарых музейинин айланасындагы тосмо жарандардын нааразычылыгын жаратты. Социалдык тармактын колдонуучулары музейдин айланасына эмне себептен тосмо коюлганына кызыгып, нааразы болгон пикирлерин жазышкан. Айрымдар кимден коргонуш үчүн бул тосмолор коюлганын да сурашкан. Маданият, маалымат жана туризм министрлиги музейдин  айланасындагы тосмо элдин коопсуздугун камсыз кылуу максатында орнотулганын билдирди. Шаар тургундары буга кандай карайт?


Улуттук тарых музейинин айланасындагы тосмо жарандардын, бир катар маданий ишмерлердин нааразычылыгана себеп болду. Айрымдар кимден коргонуш үчүн бул тосмолор коюлганын да сурашкан. Маданият, маалымат жана туризм министрлиги музейдин  айланасындагы тосмо боюнча түшүндүрмө берип, ал элдин коопсуздугун камсыз кылуу максатында коюлганын мекеменин маалымат катчысы Айнура Асанбаева кабарлады.

— Металл тосмонун бийиктиги 3 метрди түзөт. Тосмо жарандардын коопсуздугу үчүн коюлган. Тарых музейи «Ала-Тоо» аянтынын жанында, калаанын борборунда жайгашкандыктан, көпчүлүк жарандар келип эс алат. Ошол кезде адамдар, кичинекей балдар бийиктиктен кулап кетпеши үчүн, ушул жагдай эске алынып тосмо орнотулган. 

Буга чейин социалдык тармактарда Улуттук тарых музейинин айланасындагы тосмо жарандардын нааразылыгын жараткан. Бул боюнча бишкектиктердин пикирин да билип көрдүк.

— Тосмонун кереги жок болчу. Андан көрө ага кеткен каражатты башка нерсеге жумшашса, пайдалуу болмок. Музей башынан бери тосулбай келген, демек кашаа орнотуунун кажети да жок. Азыр балдарды шылтоолоп жатышат.

— Тосмонун коюлганы туура, балдардын коопсуздугу үчүн керектүү да. 

— Туура кылышты, иштешсин.

— Шаардын көркү үчүн деп орнотушкандыр. Бирок ага жумшалган акчаны туризмди өнүктүрүүгө коротсок жакшы болмок. 

— Музей маданий мекеме болгондуктан, коомчулукка ачык болушу керек. Тосмо орноткудай музей Ак үй, же мамлекеттик сырлар сакталган мекеме эмес. 

— Элге салынган мекеме болгондуктан, тосуунун кереги жок эле.

Башка мамлекеттердин Улуттук музейлери элге, келген туристтер үчүн ар дайым ачык турат. Анткени мамлекеттин баалуулуктарын улуттук музейден гана көрүүгө болот. Мындан улам музейдин айланасын тосуу туура эмес. Анткени музей иштеп баштагандан бери кашаадан балдар кулаган учур болгон эмес. Мындай пикирин Туризм департаментинин мурдагы жетекчиси Максат Чакиев билдирди.

— Улуттук музей- улуттук баалуулук жана мурас. Музейдин айланасын тосмок түгүл, азыр тосмону толугу менен алып, музейди ачуу керек. Убакыт келди. Эки жылдан узакыубакыттан бери музей жабык турат. Бул туура эмес. Бизге канчалаган туристтер келип жатат. “Эмне үчүн музейиңер жабык?” деп баары эле сурап жатышат. Музейлер эч качан жабык болбошу керек. Мындай маданий мекемелердин бирден-бир функциясы — келген жарандарга улуттук баалуулуктары көрсөтүү. Ал эми бизде баалуулуктарды жаап койсо…түшүнүксүз. Музей кампа эмес да, жаап салгыдай.  

Эске салсак, Тарых музейин реконструкциялоо иштери 2016-жылы 25-мартта башталган. Музей оңдоп-түзөөдөн өткөнү менен азыркы күнгө чейин ачыла элек.

Copyright © 2017 Maral FM