Биз менен байланышыңыз

Жол белгилерин коюуга элден акча чогултуу акциясы башталды

Коом | 17 мая 2019 | 975 | 0

Кыргызстанда 18-майдан баштап жол белгилерин орнотуу үчүн акча чогултуу акциясы башталат. Бул демилгени Маданият, маалымат жана туризм министрлиги көтөрүп чыкты. Ал эми топтолгон каражатка туристтер бара турчу жолдорго белгилерди орнотушат. Себеби, көп жерлерде андай белги жок болгондуктан, келген коноктор адашууга дуушар болуп, кыйынчылыктар жаралууда. Мындан улам, биздин редакция «Серепчилер жана эл акча чогултуу акциясын колдойбу?» «Бул демилге туура эле көтөрүлүп жатабы?» — деген суроолордун айланасында сурамжылоо жүргүздүк. 

Маданият, маалымат жана туризм министрлиги туристтик багытты өнүктүрүү боюнча краудфандинг жарыялады. Анда Кыргызстандагы туристтер бара турган жерлерге атайын жол белгилерин орнотууну демилге көтөрүштү. Ага жалпы 10 млн. сом керектелет.

Туризм департаментинин директору Максат Дамир уулу кыргыз элине атайын билдирүү жасап, туризм багытын өнүктүрүүгө ар бир жаран салым кошо ала турганын билдирди. Бирок жол белгилерин коюуга 10 млн. сом божомолдуу сумма экенин айтып, акча чогулгандан кийин тендер жарыяланып, ошого жараша иш жүрөрүн аталган департаменттин директору билдирди.

— Кыргыз элине кайрылуу жасап жатабыз. Туризмди өнүктүрүү багытында атайын акция жарыяладык. Акча чогултуп, туристтер жүрө турган жолдорго атайын белгилерди орнотолу деп жатабыз. Себеби, буга чейин туристтер адашып, убара тарткан учурлар көп болгон. Биз болжол менен 10 млн. сом деп жарыяладык. Канча каражат чогулат белгисиз. Биринчи каражат чогулгандан кийин, тендер жарыялайбыз. Ал канча суммага бааланары боюнча маалыматыбыз жок. Өнүгүүгө бир аз да болсо, аракет жасап, эл менен иш алып барууну үмүттөнүп жатабыз.

Анткен менен, «Элден каражат чогултпай эле, туристтерден түшкөн сумманы аталган ишке жумшаса болмок», — деген ойду мурдагы Туризм департаментинин  директору Максат Чакиев билдирди. Ал: «Жасала турчу иштерди башка жактан инвестиция тартып келип аткаруу министрдин милдети болчу», — деп эсептейт. Андан сырткары, «Бардык кыргызстандыктан эмес, туристтер көп бара турчу аймактын элинен каражат чогултса болот», — деп, буларга токтолду.

— Элден акча чогултканы туура эмес. Ар бир кызмат өзүнүн ишин аткарышы керек. Бардык элден акча чогултууну колдобойт элем. Эгерде туристтер бара турган жердин жергиликтүү тургундары атайын акча чогултуп, жол белгилерин койсо болот. Себеби, алар кайра эле ушул багыт боюнча каражат таап алат да. Баткендеги жол белгилерине Чүйдүн элинен акча топтогон туура эмес. Анын үстүнө, бул жакты Маданият, маалымат жана туризм министри колго алып чечиши керек эле. Алар болгону планды толтура албай калып эле, элден акча сурап жатышат.

Бирок, мурдагы Маданият, маалымат жана туризм министри Алтынбек Максүтов өлкөнүн туризм багытын өнүктүрүүдө элдин жардамы чоң экенин айтат. Өкмөт тарабынан туризм багытына которулган каражаттын суммасы аз болгондуктан, көп иштер жасалбай жатканын кошумчалады. Аны менен катар, мамлекеттин бюджети башка жактан эс алууга келгендердин эсебинен толукталып турса, аталган багыттын өсүүсү алдыңкы жылдары күчтүү болот деген ойдо.

— Бул абдан жакшы демилге экен. «Көп түкүрсө, көл болот», — дегендей, өлкөнүн өнүгүүсү үчүн ар бир жаран жардам бериши керек. А Өкмөт туризм багытына өтө эле аз каражат бөлөт. Ал жетпейт да. Эгерде биз туристтерди көп тартсак, мамлекеттин бюджети да ошончо өсөт.

Туристтерге жол белгилерин орнотуп берүү акциясын эл колдоп, каражат жагынан жардам береби? Бул иш-чарага болгон реакцияларын жана ойлорун Бишкектин тургундарынан билип көрдүк.

— Мен бул демилгени колдобойм. Кыргызстанда бак кыймылдап кетсе деле акча сурай берет. Анан кантип өнүгөбүз?

— «Коопсуз шаар» долбоорунан түшкөн каражаттар каякка кетип жатат? Ансыз деле  айып пулду олчойтуп салып койдуңар. Жол белгилерин ошондон алып койгула.

— Эгерде өнүгүү үчүн болсо, каражат берсек болот.

-Өкмөт бөлбөйбү ушундайларга акчаны. Депутаттардын тепкен машинесин көрсөңөр, таң каласың.

Башталуу алдында турган акцияны өткөрүү милдети Туризм департаментинин, турбизнестин жана жарандык коомдун өкүлдөрүнө жүктөлгөн. Алар каражатты жана белгилердин туура орнотулушун көзөмөлгө алышат. Жалпы сумма 10 млн. сомду түзүп, 200 негизги жолго белги коюлат. Акцияга катышкандар каалаган жерине белги орноттуруу мүмкүнчүлүгүнө ээ болот.

Акча чогултуу 18-майда башталат жана 20-сентябрда аяктайт.

Кошумчалай кетсек, Краудфандинг термини — көпчүлүктөн каражат топтоо жана кандайдыр бир өндүрүмдү чыгарууга же бир тейлөө кызматын ишке ашырууга көмөк көрсөтүү дегенди түшүндүрөт.

Copyright © 2017 Maral FM