Биз менен байланышыңыз

Максүтов, Абазова: Жашоодо түгөй, чыгармачылыкта бири-бирибизге сынчыбыз

Марал шоу , Мезгил жана мен | 15 Янв 2022 | 13328 | 0

Чыгармачылыкта эриш-аркак, бирдей деңгээлде иштеген түгөйлөр аз. Кээде бири экинчисине жол бошотуп берсе, кээде «мен кыйын, сен кыйын» деген сыяктуу атаандаштыктан эки ажырым жолго түшкөндөрү да болот.

Чыгармачылыктын чыйыр жолунда бири-бирине өбөк-жөлөк болуп, бири артта калып, бири алдыга чыгып кетпей, үзөңгү кагыша өр тартып келатышкан түгөйлөр Кыргыз Республикасынын эл артисти, актёр, режиссёр, экс-министр Алтынбек Максүтов менен Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти, актриса Таалайкан Абазова «Марал» радиосунун «Мен жана мезгил» программасында конокто болушту.

Маектештерибиз артка кылчая өткөн күндөрүн эскерип отуруп, учурда театр жана кино тармагы өнүгүү жолуна түшүп келатканын айтышты. Ошол эле учурда турмуштук кырдаалдарды мисалга тартып, жаш жубайларга кеңештерин бере кетишти. Эмесе, кептин калганын коноктор өздөрү айтып беришсин.

— Актёр, актриса болуу балалык кездеги кыял беле?

Т. Абазова: — Ооба, меники балалыктагы кыял болчу. Ал убакта спектакль, кинолорду сыналгыдан көп көрүп, үналгыдан угуп калчумун. Ошолордон таасир алып, актёр, актрисалардын ар бирине дептер ачып, сүрөттөрүн чаптап сактачумун.

А. Максүтов: — Эс тарткандан баштап, мени Аяз ата жана башка каармандардын аткаруучусу кылып коюшчу. 3-класстан тарта ушул кесипти өзүм тандадым.

— Үй-бүлө менен карьераны бирдей алып кетүүдө кыйынчылык жаралса керек…

Т. Абазова: — Атайын ушул окуу жайды окуган соң, ушул багытты аркалабасам болмок эмес да. Анан да жолдошум экөөбүздүн жолубуз бир болду. Кайын ата-кайын энем өзүлөрү медик болсо да, искусствону түшүнүшүп, бизге көмөк көрсөтүшүп, жакшы өбөлгө түзүп беришти. Башкалар үчүн оор болсо, менин жашоомдо эки тарапты бирдей алып кетүү жеңил болду.

— Эң алгачкы көргөндөгү элес ошол бойдон сакталат. Кайдан таанышып, кантип табышып калгансыздар? 

А. Максүтов: — 1989-жылы айылдан келип, Б.Бейшеналиева атындагы искусство институтунун режиссёрдук бөлүмүнө тапшырып жаткам. Анан капыстан эле Щепкин окуу жайына кабыл алуу жүрүп жатканын угуп калдым. Даярдыксыз келип эки турдан өтүп кетип, үчүнчү турунда мугалимдер: «Бир тамсил алып кел, ошону жакшы айтсаң өтөсүң», — дешти. Айланамды карасам, баары — кыргыз драм театрында окуп жүргөндөр. Алар мага чоң актёр, актриса болуп көрүнүп жатышты. Анан ал жерден тамсил тандап жатсам, көзү бакыракай кыз келип, «Ушул тамсил жакшы, муну бизде Алай деген бала да айтчу», — деп калды. Ошол элеси көз алдымда сакталып калыптыр (күлүп).

Т. Абазова: — Биз кантсе да бир жыл окуп, шаар көрүп калганбыз да. Ал тамсил тууралуу айтканымда, Алтышка көп маани берип карабаптырмын. Эң биринчи мен муну артынан көргөм. Андан кийинки жолугушуубуз аэропортто Москвага жаңы окуу жайга кетип жатканыбызда болду. Бул апасынын жанында комуз чертип олтурган. Ошондо биринчи жолу көргөм.

— Студенттик күндөр кандай өттү?

А. Максүтов: — Окуу жайыбыз Москванын борборунда жайгашкандыктан бардыгы жаныбызда болчу. Ошол кезде кыргыздар өтө аз эле. Биз ал жердин абдан шайырлары болчубуз. Театрлардын «Меккеси» болгон Москвада көптөгөн спектаклдерди көрдүк. Окуу жай бизди кесипке абдан жогорку деңгээлде даярдашты. Щепкинде окугандардын арасынан эң ынтымактуусу биз болдук. Биз жок кыздарыбыз эч жакка барчу эмес. Абдан жакшы окуган эң алдыңкы курстардан элек. Окууну бүткөнүбүзгө мына 32 жыл болду. Азыркыга чейин дайыма курсташтарыбыздан кол үзбөй келебиз.

Т. Абазова: — Мекенибизге келип, Арсен Өмүралиевдин театрында иштеп калдык. А киши: «Миң таланттуу болуп туруп, эгерде сен адам болбосоң, анын баары бир тыйын», — дечү. Курсташтарыбыздын баарынын адамдык сапаттары бийик.

— Алтынбек мырза, көп талантка эгедер экениңизди билебиз. Сүрөт тартасыз, устасыз, музыкалык аспаптарда да чебер ойнойсуз. Дегеним, бул өнөрүңүз азыр да кала элекпи? 

А. Максүтов: — Мектепте окуп жүргөндө жазуучу Чынгыз Айтматовдун сүрөтүн тарта берчүмүн. «Ал адабият сабагынын таасиринен улам окшойт» деп ойлоп калам. Анан адамдар бут кыргыч кылып колдонуп жүргөн буюмдан кесип, ар кандай нерселерди жасачумун. «Сениби, шашпа» мультсериалындагы карышкыр менен коёндун сүрөтүн тарткам. Мен курдуу аталаш тууганым Күмүшбек экөөбүз жарышып сүрөт тартчубуз. Меники абдан кызыктуу, кооз чыкчу. Бул да чыгармачылыкка жакын экенимди билдирсе керек. Ушул талантымды өстүрүп, сүрөтчү, скульпторлор менен 20 жылдай жашадым, үйрөндүм. Алар менен көп жүрдүм. Азыркы учурда бирөө менен сүйлөшүп олтуруп да, кагаз, калем турса чиймелеп, кайчысы турса кескилеп, бирдекелерди тартып, жасап коём.

— Сиздин кыялыңыздагы жашап жүргөн сүрөт?

А. Максүтов: — «Чоң бир чыгарма жаратсам кереги тиет», — деп, музыка, сүрөт, режиссура жана башканын баарын окуптурмун.  Азыр чоң форматтуу тарыхый тасмага сүрөт тартсамбы деп жүрөм.

— «Эрди эр кылган да аял» дейт. Жолдошуңузга кандай кеңештерди айтып турасыз?

Т. Абазова: — Канча таланттуу болсо да сыртынан карап, айтып турган оң болсо керек. Чыгарма коёрдо «Карап көрчү, кайсыл жерине эмне жетпей жатат? Кайсыл жери жакпады?» — деп сурап калат. Анда айта турган сөзүмдү айтам. Негизи эле менин оюм менен эсептешет (күлүп).

А. Максүтов: — Башка киши көңүлү ооруп калат деп, сын айтпаса керек. Ал эми Таалайкан экөөбүз 20 жылдай бир театрда чогуу иштедик. Азыр менин чоң сынчыларым — апам менен Таалайкан . Туура, туура эмес жерлерин айтып турушат.

Т. Абазова: — А мен аткарган ролдорумда эң коркконум: ушул кишиге жагуу. Эгерде жакпай калса, «И-и, анчалык болбоптур», — деп коёт. Алтынбектин мага берген баасы баалуу да.

— Режиссёрлук көз караш менен айтсаңыз, Таалайкан айым кандай актриса?

А. Максүтов: — Таалайкан актрисалык жактан толук ачыла элек деп ойлойм. Бул көбүнчө режиссёрдун милдети болот. Актрисага кандай талап койсо, ошого жеткире алышы керек. Таалайкандын чыныгы образын ача турган роль азырынча тие элек. Бул аялзатында мен кыла алгыс, өзүнчө бир чоң талант бар. Аны көптөр байкабайт. Бул инсан жөнөкөй эле типаж эмес да. Ал атайын окуусун окуп келген. Ар бир образын майын чыгара иштеши керек. Актрисанын жумушу абдан оор, режиссёрдон көз каранды болот. Ошол үчүн дагы убакыт бар деп ойлойм. Алиман Жангорозова, Даркүл Күйүкова эжелерибиз деле 50 жаштан өтүп калгандан кийин чоң чыгармаларга из калтырып кетишкен. Азыркы учурда эң жакшы тасмаларга тартылган — Таалайкан Абазова. Из калтыра турган чоң ролдорду жаратышын каалайт элем.

— Таалайкан айым, театр жана кино тармагынын сизге берген тарбиясы?

Т. Абазова: — Театрда бүгүн аткара албаган жериңди эртең аткарып коё аласың. Ал эми кинодо «ушул жери жакпай калды, кайра аткарайынчы» десең, «силер, артисттер, дайыма ушинтесиңер, бизге жакты» деп коюшат да. Көп нерсени ишке ашыра албай каласың. Мага психологиялык чыгармалар жагат. Мисалы, башкы каарман кинонун башында башкача, ал эми кино бүтөрдө башка адамга айланат го. Режиссёр ушунчалык көп ийри жолдордон өтөт. Ошондой кызыктуу фильмде роль жараткым келет. Театр – бул күзгү. Сага берилген ролду коргоп, элге жеткире билишиң керек. Каармандын жаман жактарын туура баамдап, «ушундай кылбоо керек» деп өзүңдү оңдогонго чоң көмөкчү болуп, дайыма чечкиндүү болосуң. Ал эми кинодо деле актриса үчүн трибуна да. Ошол аркылуу сен оюңду айта аласың.

А. Максүтов: — Азыр Таалайкандын ролдорунун көбү жашоого жакын. Драмалык кинолор тартыла элек. Азыркы Таалайкан менен иштешип жүргөн режиссёрлор Актан Арым Кубат, Эрнест Абыджапаровдор мына ушул жанрды көп тартышат. Голливуд тасмаларында кайгы-муң коштолуп, алдын ала эмне болорун билбейсиң. Жубайыма ошондой роль керек.

— Лидерлик сапатты калыптандырып, жетекчи болуу оңойго турбайт. Сиз өзүңүзгө бул сапатты кантип калыптандырдыңыз?

А. Максүтов: — Адам баласы кээде балачагынан өзүн изилдейт. Көбүнесе, менде бала бакчадан баштап эле «лидерлик» сапат калыптаныптыр. Окуучулук мезгилде бардык класстын башын бириктирип, чогултуп, уюштуруучулук жактан мыкты болдум. Студент учурунда баарынан эң кичүүсү мен болчумун, 16 гана жашта элем. Башында «ини» болсом, аягында сый мамилеге татыктуу болдум. Театрда иштеп жүргөндө, жаңыдан үйрөнчүк болсом, кийин баары мени угуп, кеңеш сурап калышты. Бул сапат министр болуума да түрткү берди. Министр болгондо абдан кыйналдым. Анткени, мурда мамлекеттик кызматта иштеген эмесмин. Анан юридикалык жактан мыкты болушуң керек экен. Түнкү саат 2-3кө чейин жардамчым экөөбүз иш кагаздардын баарын карап чыкчубуз. Көзүмдүн көрүүсү ошондон начарлады. Бир жыл дээрлик өздөштүрө албай кыйналдым. Эки жылдай иштеп, кыйынчылык тартсам да, ошол жерден көп нерсе үйрөндүм. Мамлекеттин түзүмүн, өлкөдө кандай көйгөйлөр бар экенин өз көзүм менен көрдүм. Театрдын тар чөйрөсүндө гана жүрүп ой жүгүртпөстөн, эл аралык деңгээлде ой жүгүртүп, өсүшүбүз керек экен. Биздин мамлекеттин кадыр-баркы, башка мамлекетке кандай болушу керек? Биз өлкөбүздүн атуулу болгондуктан жогорку деңгээлде туруп, иштерди жасашыбыз керек. Министр болгондон кийин башка мамлекетке барганда сөзсүз түрдө ошол өлкө маданиятын, концертин көрсөтөт. Дароо «Биз эмнени көрсөтө алабыз?!» — деп ойлоносуң. Маданиятыбыздын абалын көрүп туруп, ага карабай күрөшүп, жок дегенде кыргыз мамлекетинин жүзү боло турган чыгармачылык топторубуз, искусствонун адамдары бийик деңгээлде болушу керектигин ойлойсуң.

— Театрдын абалы…

Т. Абазова: — Мурдагыдан бир кыйла өзгөрүп, жакшы жагына ооп баратат. Театрдын өзүнө жана техника жагынан алып караганда Т. Абдымомунов атындагы Кыргыз драма театрын абдан жакшы оңдоп жатышат. Артисттер үчүн жакшы шарттарды түзүүдө. Ал эми бардык театрда азыр кыймыл бар. Бир кезде жүрөктүн согуу ритминдей ылдый-өйдө болсок, азыр элдин агымы да көбөйүп, жогору тепкичке баратабыз.

А. Максүтов: — Ар бир аймакта бул тарапта жылыш бар. Айлык аз, бирок мурункуга караганда кичине көбөйдү. Кээ бир чыгармачыл адамдар: «Айлыгыма жараша ойнойм», — деши мүмкүн. Ал өзүнө-өзү балта чабуу болуп эсептелет да. Же ушул жерде иштеши керек, же ал жактан кетиши керек. Бирок азыр жаман эмес, жакшы спектаклдер коюлуп, эл аралык сынактарга катышып жатышат. Арсен Өмүралиев атындагы театрда иштеп жүргөндө эл аралык фестивалдарга барып, ал жактын спектаклдерин көрчүбүз. Баш-аягы биригип, 20дан ашуун өлкөнүн театрларына барып, ошол жактан өзүбүзгө сабак алып, деңгээлибизди текшердик. Ал кезде бизди спектакль ойнолгонго чейин эч ким көңүл буруп карашчу эмес. Анткени Кыргызстан чакан мамлекет болгондуктан тааныбайт да. Спектакль ойнолуп бүтөрү менен дүйнө жүзүнөн келген кыйын актёр, актрисалар абдан баалап, атайын орун алышып, «биз кыргызстандыктар менен сүйлөшөбүз» дегендери бизди сыймыктандырчу.

Т. Абазова: — Эгерде спектакль бир эле күн коюлса, кайра суранышып, экинчи күнү да койгон учурлар болгон. Ушундай сонун күндөр өткөн.

— Быйыл кыргыз киносунун 80 жылдыгы. Сиздердин көз карашта бул тармактын учурдагы абалы кандай?

Т. Абазова: — Бул тармакты мен мактап кетким келет. Анткени, кинолор дембе-дем, жакшы тартылып жатат. «Кыргызфильмдин» директорунун «жаңырган жылда кинолор мындан да жакшы тартылат» деп айтканы бар. Жаш кинорежиссёрлор элдин, элеттин оюн таап, ар тармактан кино, сериалдарды тартып жатышат. Алар менен чоң сыйлыктарга көрсөтүлүүчү кино тарткылары келет. Бирок, каражат тартыштыгынан улам ой-максаттары ишке ашпайт. Эми быйыл жакшы жетишкендиктер болду. Алсак, немис режиссёру Мария Брендлдин «Ала качуу» кыска метраждуу тасмасы менен Артыкбай Сүйүндүковдун «Шамбала» толук метраждуу тасмасы «Оскар» сыйлыгына көрсөтүлдү. Акчабыз аз болсо да, казактар менен  теңтайлаша кино тартып, алардан да көп сыйлыктарга татып жатабыз. Бул биз үчүн мактанарлык көрүнүш.

— Алтынбек мырзага кайсыл жанрдагы кинолор жагат болду экен?

А. Максүтов: — Бардык жанр жагат. Бир тарапты көздөй кетким келбейт. Бардык тарабынан кароо керек экен. Азыр комедия жанры эмне үчүн көп тартылып жатат? Анын себеби бар: ойлондура турган, өзүбүздүн көйгөйлөрдү козгой турган, же бир шедевр боло турган кино тартылышы үчүн көбүрөөк каражат кетет. Ага да карабай тартып, кинотеатрга алып чыксак, көп көрүлбөй, акчасын актабай калат. Дагы мындай салыштырсак болот: пайдалуу деп, ботко берсең жегиси келбейт, ачуу лагман берсең, аябай жейт; сонун чыгарманы окугусу келбейт, жеңилди бат кабылдайт. Ошондуктан, кинотеатрга эл келе турган жанрдагы кинолорду тартып жатышканы ошондон деп ойлойм. Ал эми мамлекет каржылаган тасмаларды режиссёру: «Эми бул мамлекеттин акчасы да, болсо болот, болбосо жок», — деп эптеп тартып койгону бар. Бизде кино тармагы өсүп, киночулардын деңгээли көтөрүлүп жатканы байкалды. «Ак илбирс», «Үмүт», «Кыргызстан — кыска метраждуу тасмалардын өлкөсү» жана балдардын «Карек»  фестивалы бар. Коммерциялык фильмдерди тартып жаткан балдардын да деңгээли жогорулады. Бара-бара түзөлүшөт. Арасынан тарыхта из калтыра тургандары да чыгат.

— Эми балалык учурларыңызды эске салсак…

Т. Абазова: — Мен бала бакчадагы мезгилди көп эстейм. Ошол кезде эле чыгармачылыкка идирегим болуптур (күлүп). Анткени «Ак мөөр» тасмасында адашып кеткен жери бар го. Ошол жерин дайыма аткарып берчүмүн. Ал кезде андай фильм, спектаклдерди көп көрсөтөр эле. Эсимде, апам дүкөнчү болуп иштейт эле, 5-классымда ийримге катышайын десем, уруксат бербей койду. Бир күнү эжейим: «Кездеме керек параддан өтөбүз, сенин апаңдан алышыбыз керек», — деп калды. Анан мен: «Эгер мени дагы апамдан сурап, ийримге катыштырып алсаңар, арзандаттырып берем», — дедим. Алар келип, мени апама макташып, ошондон кийин катышып калгам. 1-классымда 3 кыз маданият үйүндө дайыма ырдачубуз. Өзүм менен тең куурчагым бар болчу. Ошол күндөр дайым эсимде.

А. Максүтов: Мен өзүмө тентек эместей эле сезилчүмүн. Бирок, баары «тентек болчусуң» деп айтышат. Мектептин Жүсүбалы деген тазалык кызматкери бар болчу. Мен мугалимдин баласымын да. Анан ал: «Ушул Аскар менен Дабардын балдарынын шиши толду», — деп, ары-бери өткөндө чымчый берчү. Биз өзүбүзгө жоош, түз жүргөндөй эле сезилчүбүз. А бирок аябай ызы-чуу кылган шок балдардан экенбиз (күлүп).  Анан 7-класстан баштап, сабактарга көңүл бөлүп, өзүмө бир максат коюп, «Астра гүлү», «Сынган кылыч» чыгармаларын окуп чыккам. Ошол учурдан баштап, аң-сезимим абдан кеңири болуп, мугалим айтып берсе, андан өтүп, кооз кылып, тереңдетип айтып «эң жакшы» деген баа алчумун.

Статистикага таянсак, азыркы учурда ажырашуулардын саны арбын болуп жатат. Дегеле үй-бүлө сиз үчүн жашооңузда кандай орунду ээлейт?  

А. Максүтов: — Ажырашуунун эң орчундуу эки-үч себеби бар. Маселен, кызганычтын айынан. Бул нерсе чыгармаларда да кеңири таралган. Анан көбүнесе бири-бирине ишенбестиктин айынан келип чыгат. «Учкундан жалын тутанат» дегендей, кыпындай нерсе чоң көйгөйгө айланып, үй-бүлө бузулушу мүмкүн. Мындай чечимге барарда эки тарап тең ортодогу балдарын, куда-сөөк болуп жүргөн ата-энелерин ойлошу керек. Алар да кайгырат. Экинчи себеби, жаш кезинде кыялданып алып, кийин ал жашоосунда төп келбей калган учурда самап, көксөп жүргөн нерсесин Чынгыз Айтматовдун «Кызыл алма» чыгармасындай болуп, өмүр бою издеп, жанындагы өмүрлүк жолдошуна көңүл бурбай калат. Анан жашоонун ысык-суугуна, убактылуу бир кыйынчылыкка чыдабай, ажырашып кеткен учур көп кездешет. Мындай учурда бири-бирин түшүнүп, биринин ачуусу келсе, экинчи тарап унчукпай калып, колдоо көрсөтүп, сый-урматта жашоосун өткөрсө, ал үй-бүлө сөзсүз түрдө ийгиликке жетет.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM