Мурунку Маданият, маалымат жана туризм министри Алтынбек Максүтовдун апасы Созул Исмаилова да «Марал» радиосунда конокто болду:
— Ар бир апанын маанайы ачык болсун. Уулум элдин баласы болгонуна сыймыктанам. 5-10 бала болсо да алардын өнөрү, ою ар башка болот. Балага негизги тарбия үйдөн болушу керек. Экинчи тарбия адамдын чөйрөсүнөн көз каранды. Алтынбек тили буту баса электе чыккан. Кичинекейинен тарта зирек болчу. 5 жашында «мен артист болом» дечү. Уулумда усталык өнөрү да бар. Ал буга ата-бабаларыбыздан өтсө керек. Атабыздын да колу уста, көп кырдуу талант эле. Эне баласын 9 ай курсагында, өмүр бою жүрөгүндө көтөрөт эмеспи. Балам мамлекеттик чоң кызматка барганда, мойнуна таш илип койгондой сезилчү.
Бир кызыктуу окуя айтып берсем: Алтынбек 9-класста бир кызды айтып калды. Аты Света экен. Ал кезде айылда гүл да, жоолук да тартыш болчу. Баланын көңүлү деп, Бишкектен атайын гүл алдырып бергем. Алтынбек студент кезинде мага белдемчи сатып келип берген. Эч ким белдемчи кие электе биринчилерден болум белдемчи тагындым. Мындан сырткары, Москвада окуп жүргөндө да жакшы көйнөк алып келгени эсимде. Азыр да маянасынан «ооз тийгизип» турушат.
Биз улуу муун болуп калдык. Жазылбаган мыйзамдарыбыз бар болчу. Азыркы жаштар да акылдуу, билимдүү. Жүрөгүндө ыйман, намысы, сабыры болсо, жакшы жаштар өсүп келе жатат.
Алтынбек Максүтов:
— Мен чоң апамды көп ээрчидим. Балдарым да чоң апасы менен өссүн деген тилекте үйдүн улуу баласы болсом да, апамды жаныма алып жүрөм. Менин боюм узун болгондуктан апам менен чогуу басып калсам, көргөндөр: «Бул иниңизби?» деп сурашчу. Апам менен сырдашкан учурум көп болот. Бир туугандар, неберелер да апам менен кеңешебиз. Анткени, апамды «биздин ханышабыз» деп коёбуз. Мен да алкышымды, апама болгон сүйүүмдү ар дайым айтып келем. Бизди кантип багып өстүрсө, биз андан миң эсе бапестешибиз керек. Апамдын маанайы түшүп калса, дароо сурайм. Бала кезде бардык бир туугандар апабыздан сабоо жеп, тил уктук. Бул туура, айыл жергесинде андай болбосо да болбойт. Тоону томкоруп, боз ала чаң болуп, эмнени гана кылбадык. Мектепте пол жууган кызматкер досум экөөбүздү «Жандары тынбайт» деп жөн эле өтүп бара жатсак да чымчый берчү. Ошондо абдан бейбаш окшойбуз. Азыр апабыздын кареги менен тең айланып, карап турабыз.
Акыркы 10-15 жылдан бери кубанган күндөр көп болушун каалап, баарыбыз апабызга жакшы сөз айтууга ашыгабыз. Апамды неберелери «энекебай» дешет. Жайкы каникулда неберелери «энекебайдын» сабагынан өтүшөт. Дайыма апам менен сыймыктанам. Энеге арналган ырлар көп, бирок бул да аздык кылат. Бул жашоодо апамдан өткөн кымбат нерсе жок. Мен апамды сыйлайм, ал бизди чоң деңгээлге жеткирди. Биздин ийгиликтерибизге апамдын кызматы, орду чоң. Бул жашоодо бакыт кандай болсо, ошонун баарын апам көрсүн. Биз апабызды өзгөчө сүйөбүз. Энеден ыйык эч нерсе жок.