Биз менен байланышыңыз

Амантай Кутманалиев чыгармачылык кечесин өткөрөт

Кыска кабар | 18 Июн 2019 | 1706 | 0

Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти, белгилүү төкмө акын Амантай Кутманалиев 50 жылдык мааракесине жана чыгармачылыгынын 30 жылдыгына арналган концертке даярданып жаткан учуру. Бул тууралуу ал өзү «Маралга» билдирди.

Чыгармачыл чөйрөдө Саркашка деген каймана аты менен таанымал төкмө Т. Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында өтө турчу концертин күз айларынын бирине мерчемдеп жатканын айтат. Ошондой эле, концертте акын залкар устаттарынын чыгармаларын, алар тууралуу эскерүүлөрүн жана жеке автордук чыгармаларын элге тартуулайт.

Кечени өзү эмгектенген «Эл ырчысы Эстебес» тобу, «Айтыш» коомдук фондундагы шакирттери, «Айтышкер» жаш төкмө акындар тобу жана чыгармачылыктагы үзөңгүлөш достору коштойт. Ал эми режиссерлук милдетти улуттук филармониянын башкы режиссеру Алтынбек Максүтов аркалайт.

Белгилей кетсек, Амантай Кутманалиев эл аралык жана республикалык айтыштардын бир нече жолку жеңүүчүсү. Отуздан ашык жаш төкмө акындын устаты. «Саркашканын санаты» китебинин автору.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM