Биз менен байланышыңыз

Чет элдик мугалимдин жакындары: «Алинин өлүмү кокустук эмес»

Коом | 5 Июл 2019 | 1308 | 0

20 жылга жакын убакыттан бери Кыргызстанда жашап, билим берүү тармагына инвестиция салып келе жаткан нигериялык мугалим Тижжани Али Абубакардын сабалып каза болгону коомчулукта кызуу талкууга алынды. Социалдык тармактарда аны сабаган балага наалат айтып, чет элдик инвесторлорго, өзгөчө билим берүү тармагына салым кошкондорго мындай мамиле кылуу бир гана кишинин эмес, өлкө үчүн уят экенин билдирип жемелегендер бар. Ал эми ИИМ окуя кокустук экенин, туристтик сезонго, чет өлкөлүктөрдүн келишине таасирин тийгизбээрин айтып, учурда тергөө иши уланып жатканын билдирүүдө.

2-июль күнү Бишкектин чок ортосунда сабалып, алган жаракатынан каза болгон нигериялык мугалим жогорку билимди Кыргызстандан алган. Окуусун бүтүп өз өлкөсүнө кетип калбай, Кыргызстандагы балдарга билим берип келген. «Мүнөзү, өзүн алып жүргөнү башкача болчу», — деп эскеришет жакындары. Алып баруучу Назира Айтбекова Али Абубакар менен жогорку окуу жайда чогуу окуган. «Студенттик күндөн бир туугандай болуп калганбыз» — деген ал, курсташынын өлүмүн кокустук эмес, атайлап жасалган иш катары көрөт. Анын айтымында, Али Абубакарга буга чейин да кол салуу болгон.

— Биз Али экөөбүз чогуу окуганбыз. Мүнөзү жакшы адам болчу. Студенттик кезде КВНдерге да чогуу катышып калдык. Калпак кие калып, «Мен нарындык кыргызмын», — дечү. Сырдашып, жолугуп турчубуз. Акыркы жолу жолукканыбызда, «Мага кол салышты, уктуң беле?», — деди. Мен укпаганымды айтсам, ага бирөө ок атканын, ал бир канча миллиметрге жетпей калганын айтып, «Кудай сактады», — деди эле. Андан кийин да өмүрүм коркунучта деп жүрчү. Мен азыр да окуя кокустук экенинен шекшип турам. Менин оюмча, пландалган эле нерсе. Кокустук болгонунан күмөн санайм.

Деген менен ИИМдин басма сөз катчысы Бакыт Сейитов бул окуядан саясий же башка өңүттөгү маселени издебөөгө чакырат. Министрликтин берген маалыматына таянсак, бул абайсыздыктан улам болгон. Нигериялык мугалим алган жаракатынан каза тапкан. Учурда окуя боюнча тергөө иштери уланууда. Шектүү катары 1997-жылы туулган К. Э. аттуу жаран кармалган.

— Кыргызстандык жаран менен ал кишинин тааныштыгы жок. Бирин-бири тааныбайт. Кокустан сөздөн-сөз чыгып түртүшө кеткенде, ал жерге желкеси менен тийген. Натыйжада жаракат алып, ооруканага жеткирилген. Тилекке каршы, каза болуп калды. Учурда шектүү кармалган. Тергөө уланууда.

Чет элдик мугалимдин шаардын чок ортосунда сабалып, каза болушу бир эле кишинин эмес, бүт өлкөнүн имиджине терс таасир тийгизерин социалдык тармактардын колдонуучулары жазып чыгышты. Алар шектүү катары кармалган жаранды жемелеп, акыркы учурда коомчулукта агрессивдүү мамиле жасагандар көбөйгөнүн айтышат. Айрыкча, туристтик сезондо өлкөдө мындай окуянын болушу жакшы эместигине тынчсызданышып, коопсуздукка көңүл бурууга чакырышууда. Kyrgyz Concept ишканасынын негиздөөчүсү Эмил Үмөталиев: «Күндүз, болгондо да эл көп жерде адам өмүрүнө коркунуч келип жатканы — өтө кооптуу маселе», — дейт.

— Кыргызстанда күпөкүндүз, эл көп жүргөн жерде адам өлтүрүлүп жатканы — коркунучтуу. Борбордо адамдын корголбой калышы, кимдир бирөөгө адамды өлтүргөнгө чейин сабоого укук бергендегиси, адамды мамлекет коргой албай калышы — өтө коркунучтуу.

Чет элдик жарандарга байланышкан ар бир кырсык, ар бир окуя кандайдыр бир деңгээлде өлкөнүн имиджине терс таасир берерин туризм тармагынын адистери эскертип келишет. «Ансыз да туризм боюнча артта калып жатканда, чет өлкөлүктөргө жасалган ар бир мамиле таасир этпей койбойт», — дейт Туризм департаментинин мурдагы жетекчиси Максат Чакиев.

— Кыргызстан Европа өлкөлөрү сыяктуу дүңгүрөп жаткан учуру эмес. Албетте, мамлекет аракет кылып жатат. Ошондуктан, мындай ар бир окуя туризмге, имиджге терс таасир этет. Мен деле ойлойм, бул жаран атайылаган эмес. ИИМдин тараткан билдирүүсүндө да ал кокустуктан болгонун айтылат. Бирок кандай болгон учурда да, мен элди айкөл мамиле жасоого чакырат элем. Эгерде талаштуу жагдай жаралса, укук коргоо органдары менен чечишип алышса. Анткени, бул — биздин жүзүбүз.

Ал эми шектүү катары кармалган жарандын сурак учурунда берген көрсөтмөсүнө таянсак, окуя болгон күнү ал социалдык тармактагы видеобайланыштан достору менен сүйлөшүп жаткан. Ошол маалда чет өлкөлүк жаран видеого тартпоосун өтүнгөн. Ал: «Сени тарткан жокмун», — дегенде, нигериялык жаран жаман сөздөр менен сөгүп жиберген. Андан кийин уруша кетишип түртүп ийгенде, Али Абубакар жыгылып, жаракат алган.

Учурда тергөө иши уланууда.

Copyright © 2017 Maral FM