Биз менен байланышыңыз

Кыргызстандын жаштар форуму онлайн форматта өтөт

Кыска кабар | 8 Ноя 2020 | 567 | 0

10-ноябрь, саат 10.00дө жаштар күнүнө карата онлайн Кыргызстан жаштар форуму өтөт. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги билдирди.

Маалыматка ылайык, форумдун негизги максаттары:

  • COVID -19 пандемиясы менен күрөшүүдө жаштардын жана ыктыярчылардын жардамы жөнүндө маалымат берүү;
  • Туруктуу өнүктүрүү максаттарын ишке ашыруудагы жаштардын ролун (ТӨМ) көрсөтүү;
  • Жаштарды санариптештирүү долбоорлоруна, стартап долбоорлорду, гранттык конкурстарга жана башкаларга катышуу мүмкүнчүлүктөрү тууралуу маалымдоо;

Онлайн форумда белгилүү спикерлер жаштардын жетишкендиктери жана мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө айтып беришет.

Форумга катышууну каалагандар 8-ноябрга чейин jashtar.kg.gov@gmail.com дарегине төмөнкү маалыматты жибериши керек:

  • аты-жөнү;
  • байланыш телефон номуру;
  • электрондук почта дареги;

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM