Биз менен байланышыңыз

Бишкекте кыргыз-казак жаш лидерлердин форуму башталды

Кыска кабар | 29 Окт 2018 | 907 | 0

Бүгүн, 29-октябрда кыргыз-казак жаш лидерлердин форуму башталды.

Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары Мирлан Парханов мындай иш-чара алгачкы ирет өтүп жатканына токтолду.

Анын айтымында, бул жаштар саясатындагы ири кызматташуунун башаты гана болуп эсептелет. Ишкердик жана ыктыярдык кыймыл баш болгон түрдүү маселелер козголот. Эки тарап жаштар уюмдары менен иштөөдөгү тажрыйбалары менен бөлүшөт.

“Астана” дипломатиялык клубунун президенти Кайырболат Сахметовдун айтымында, форум эки өлкөнүн 100 мамлекеттик эмес уюмдарын бириктирди.

Иш-чара эки күнгө созулуп, Кыргызстан менен Казакстандын түрдүү тармактарда дипломатиялык, гуманитардык жана башка боюнча кызматташууну көздөйт.

Форумдун спикерлери казак жана кыргыз тараптагы коомдук уюмдардын, мамлекеттик мекемелердин, мамлекеттик эмес уюмдардын өкүлдөрү болушат.

Copyright © 2017 Maral FM