Биз менен байланышыңыз

Уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү “Казак” кармалды

Кыска кабар | 17 Янв 2020 | 1592 | 0

ИИМдин атайын тизмесинде уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары тизмеде турган,»Казак» деген каймана атка ээ, 1985-жылы туулган М.У. аттуу жаран кармалды. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер бөлүмүнүн маалымат кызматы билдирди.

Бүгүн, 17- январда түштөн кийин Ош ШИИБнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Ал Ош шаарынын Исанов көчөсүндө, «Народный» маркетинин алдында, түнкү саат 01.30 чамасында катталган каракчылык фактысы боюнча жүрүп жаткан тергөө иштерин алкагында каракчылыкка шектүү катары оперативдүү жол менен алынган далилдердин негизинде кармалды.

Бул факты боюнча иликтөө иштери уланууда. Буга чейин эки жаран дагы каракчылыкка шектүү катары убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Copyright © 2017 Maral FM