10-ноябрь, саат 10.00дө жаштар күнүнө карата онлайн Кыргызстан жаштар форуму өтөт. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги билдирди.
Маалыматка ылайык, форумдун негизги максаттары:
- COVID -19 пандемиясы менен күрөшүүдө жаштардын жана ыктыярчылардын жардамы жөнүндө маалымат берүү;
- Туруктуу өнүктүрүү максаттарын ишке ашыруудагы жаштардын ролун (ТӨМ) көрсөтүү;
- Жаштарды санариптештирүү долбоорлоруна, стартап долбоорлорду, гранттык конкурстарга жана башкаларга катышуу мүмкүнчүлүктөрү тууралуу маалымдоо;
Онлайн форумда белгилүү спикерлер жаштардын жетишкендиктери жана мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө айтып беришет.
Форумга катышууну каалагандар 8-ноябрга чейин jashtar.kg.gov@gmail.com дарегине төмөнкү маалыматты жибериши керек:
- аты-жөнү;
- байланыш телефон номуру;
- электрондук почта дареги;