Биз менен байланышыңыз

Журналист Мамыркулова Жеңиш Разаковду сотко берди

Кыска кабар | 23 Янв 2020 | 7184 | 1

Жарандык активист Самат Алиев жана журналист Канышай Мамыркулова вице-премьер-министр Жеңиш Разаковду сотко берди.  Бул тууралуу Канышай Мамыркулова өзүнүн «Фейсбук» баракчасына жазды.

«Самат Алиев экөөбүз Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Жеңиш Разаковду 1-Май райондук сотуна бердик. Эл жана чек ара маселеси оюнчук эмес» , — деп жазган Мамыркулова.

Доо арызда 13-январда жана 15-январда Бишкекте кыргыз-тажик чек арасы боюнча өткөрүлгөн митингди Жеңиш Разаков «Акча менен уюштурулган, алар акчага чыгарылган адамдар» деп айтканын «куру айып» деп баалашып, доогерлердин ар бири 5 млн сомдон талап кылышкан.

Copyright © 2017 Maral FM