Биз менен байланышыңыз

Кой-Таштагы окуяны иликтеген комиссия ИИМ менен УКМКнын маалыматын укту

Кыска кабар | 11 Сен 2019 | 489 | 0

 Үстүбүздөгү жылдын 7-8-августунда Кой-Таш айылында болгон окуяны иликтөө боюнча мамлекеттик комиссиянын кезектеги жыйыны өттү. Бул тууралуу Өкмөттүк Аппараттын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.

Комиссиянын төрагасы, вице-премьер-министр Жеңиш Разаков баштаган комиссия мүчөлөрү жыйындын жүрүшүндө Ички иштер министри Кашкар Жунушалиевдин жана Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Орозбек Опумбаевдин маалыматтарын угушту.

Белгилей кетсек, буга чейин кабыл алынган чечимдердин негизинде окуяны иликтөө-талдоо боюнча эки жумушчу топ түзүлгөн. Биринчи, тактап айтканда, Кой-Таш айылындагы окуялардын кесепетинен келип чыккан себептик-иликтөө байланыштарын изилдөө боюнча топко: Бактыбек Райымкулов, Тынчтык Шайназаров, Талант Мамытов, Абдыбек Дүйшалиев, Алмазбек Батырбеков, Марат Жаманкулов, Рысбек Абдысатаров, Кубатбек Кожоналиев, Алишер Мамасалиев кирген. Ал эми экинчи, 7-8-августта болгон окуялардын талдоосун даярдоо боюнча жумушчу топко: Жеңиш Разаков, Жаныбек Бакчиев, Бакирдин Субанбеков, Исмаил Исаков, Азамат Араев, Алтынбек Намазалиев, Бекболсун Асанкулов, Артур Медетбеков, Марс Саккараев кирген.

Комиссиянын кийинки жыйынына Жогорку Кеңештин депутаты Асель Кодуранова, коомдук ишмер Равшан Жээнбеков, Ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асанов чакырылганы маалым болду.

Copyright © 2017 Maral FM