Биз менен байланышыңыз

АКШ: 2020-жылдагы президенттик шайлоого аттанган талапкерлердин жашы жана байлыгы

Дүйнө , Кыска кабар | 11 Сен 2019 | 590 | 0

АКШдагы президенттик шайлоо 2020-жылдын 3-ноябрында өтөт. Шайлоого аттанган талапкерлердин эң байы, албетте, Ак үйдө отурат. Калгандарынын капчыгы кандай абалда?

АКШнын учурдагы президенти Дональд Трамптын баарынан бай экени маалым. Трамп президенттик шайлоого кайра катышуу үчүн 18-июнда үгүт өнөктүгүн расмий баштаган. Президенттик пост үчүн аны менен тең тайлашам деген каршылаштарычы? «Forbes» журналы 2020-жылы өтө турчу президенттик жарышка ат салышкан талапкерлердин каржылык абалын эсептеп чыкты.

Кээ бир жыйынтыктар күтүүсүз болду десек да болчудай.

Берни Сандерс – миллионер. Орто класстагы Жо Байден сыяктуу эле.

Ал эми Элизабет Уоррен 12 млн доллар байлыгы менен экөөнөн тең ашып түшөт. Ошентсе да, Жон Делейниге жетпөөчүдөй түрү бар. Анын байлыгы – 200 миллион долларды түзөт жана каржымагнат Том Стейерден башка демократтардан чыккан талапкерлерден эки эсе салмактуу.

А Стейердин байлыгы — 1,6 миллиард доллар.

Трамп менен Стейерди кошпогондо, талапкерлердин каржылык абалы орто эсеп менен 12,9 млн долларды түзөт. Бул 2016-жылдагы шайлоого катышкан талапкерлердин байлыгы менен бирдей эле десек болот. Талапкерлердин арасындагы эң «кедейи» — Пит Буттиджич, жалпы үлүштөрүн кошкондо 100 000 долларга ээ (Трамптын байлыгынын 0,003%ына барабар).

Дональд Трамп (73 жаш)

Байлыгы: $3,1 млрд

Кампанияга түшкөн каражат (колдоочулардан), (2019, июнь айы боюнча): $124 млн

Башкы миллиардер шайлоо кампаниясын жеке казынасынан каржылоого толук дарамети жетет. Ошентсе да, анын мындай ою жок. Трамптын экинчи ирет шайлануусундагы колдоочулары убактын, акчасын курмандыкка чалып жатканы менен, Америка тарыхындагы эң бай президент өзү бул үчүн чөнтөгүнөн бир тыйын да чыгарбай келет.

Том Стейер (62 жаш)

Байлыгы: $1,6 млрд

Кампанияга түшкөн каражат (колдоочулардан): $0

Буга чейин Стейер демоктраттардан чыккан талапкерлерге колдоо көрсөтүп келсе, бул ирет президенттик жарышка өзү да катышып көрүүнү чечти. Анда каржылык жагынан маселе жаралбаса деле керек.

Стейер 1986-жылы «Farallon Capital» компаниясын түзүп, аны Америкадагы ири ишканалардын бирине айланта алды. 2012-жылы саясатка жана жеке иштерине көбүрөөк көңүл буруу үчүн компаниянын жетекчилигинен кеткен.

Жон Делейни (56 жаш)

Байлыгы: $200 млн

Кампанияга түшкөн каражат (колдоочулардан): $26 млн

Майкл Беннет (54 жаш)

Байлыгы: $15 млн

Кампанияга түшкөн каражат (колдоочулардан): $4 млн

Элизабет Уоррен (70 жаш)

Байлыгы: $12 млн

Кампанияга түшкөн каражат (колдоочулардан): $36 млн

Жо Байден (76 жаш)

Байлыгы: $9 млн

Кампанияга түшкөн каражат (колдоочулардан): $22 млн

Бето О’Рурк (46 жаш)

Байлыгы: $4 млн

Кампанияга түшкөн каражат (колдоочулардан): $14 млн

Билл Де Блазио (58 жаш)

Байлыгы: $2,5 млн

Кампанияга түшкөн каражат (колдоочулардан): $1 млн

Берни Сандерс (77 жаш)

Байлыгы: $2,5 млн

Кампанияга түшкөн каражат (колдоочулардан): $46 млн

Кори Букер (50 жаш)

Байлыгы: $1,5 млн

Кампанияга түшкөн каражат (колдоочулардан): $12 млн

Эндрю Янг (44 жаш)

Байлыгы: $1 млн

Кампанияга түшкөн каражат (колдоочулардан): $5 млн

Пит Буттиджич (37 жаш)

Байлыгы: $100 000

Кампанияга түшкөн каражат (колдоочулардан): $32 млн

Copyright © 2017 Maral FM