Биз менен байланышыңыз

Монголия Centerra Gold компаниясынын лицензиясын жокко чыгарды

Дүйнө , Кыска кабар | 11 Сен 2019 | 1090 | 0

Монголиянын Административдик иштер боюнча соту «Центерра голд Монголия» (Centerra Gold Inc) канадалык компаниясынын чалгындоо жана өндүрүү укугун жокко чыгаруу жөнүндө чечим кабыл алды. Бул тууралуу «Mongolnow «порталы жазды.

Centerra Gold Inc. – Орто Азиядагы алтын өндүрүүчү ири компания болуп саналат. Ошондой эле канадалык компания алтынды чалгындоо жана өндүрүү боюнча Түндүк Америка, Азия жана бир топ өлкөлөрдө иш алып барат.

Доо арыз «Ноён уул тоосун куткаруу» уюму тарабынан жазылган. Маалыматка ылайык, Ноён уул тоосунда гунндарга таандык баалуу археологиялык табылгалар бар.

Copyright © 2017 Maral FM