Биз менен байланышыңыз

Жаңы депутат Бектен Сыдыгалиев парламентте ант берип, ыйгарым укуктарын аткарууга киришти

Кыска кабар | 11 Сен 2019 | 366 | 0

«Кыргызстан» саясий партиясынан жаӊыдан депутат болгон Бектен Сыдыгалиев бүгүн Жогорку Кеӊеште ант берип, өз ыйгарым укуктарын расмий түрдө аткарууга киришти. Ал жакында депутаттык ыйгарым укуктарын өз каалоосу менен мөөнөтүнөн мурда токтоткон Насыр Мусаевдин ордуна келди.

Жогорку Кеӊештин төрагасынын орун басары Мирлан Бакиров жалпы депутаттардын атынан Бектен Сыдыгалиевди депутат болуп келиши менен куттуктап, анын ишине ийгиликтерди каалады.

Бектен Сыдыгалиев буга чейин Улуттук коопсуздук тармагында ар кандай жооптуу кызматтарды аркалап келген.

Copyright © 2017 Maral FM