Биз менен байланышыңыз

British Airways учкучтардын нааразычылыгынан улам бардык каттамын токтотту

Дүйнө , Кыска кабар | 9 Сен 2019 | 458 | 0

Британиялык British Airways авиакомпаниясы учкучтардын көтөрүлүшүнөн улам 11-сентябрга чейинки каттамдарын токтотууга мажбур болду. Бул тууралуу компания өз порталына жазды.

Компаниянын кызматкерлери айлыктын аздыгына нааразы болушуп, көтөрүлүшкө чыгышкан.

British Airways белгилегендей, канча учкуч нааразы болуп, канчасы жумушка чыгары белгисиз болгондуктан, каттамдарды толугу менен кийинкиге калтырууга туура келген.

BBC эл аралык кызматынын маалыматына ылайык, авиакомпания 1,7 миң каттамды токтоткон.

Copyright © 2017 Maral FM