Биз менен байланышыңыз

Дүйнөдөгү эң чоң авиакомпаниянын башчысы кызматтан кетти

Дүйнө , Кыска кабар | 13 Окт 2020 | 317 | 0

Дүйнөдөгү эң ири авиакомпаниялардын бири «British Airwaysтин» башчысы Алекс Круз кызматтан кетти. Бул тууралуу «CNBC» билдирди.

Мындан ары Круз компанияда өзүнүн кызматын башкы директор эмес, аткаруучу директор катары уланта берет. Ал «British Airways» компаниясына 2016-жылы Испаниянын «Вуэлинг» компаниясынан келген.

Эми «British Airways» ишканасын ирландиялык «Aer Lingus» компаниясынын башкы директору Шон Дойл жетектейт.

Ал жетектеген авиакомпания «International Airlines Groupтун» (IAG) курамына кирет.

Холдинг «British Airways», Испаниянын «Iberia», «Vueling», «Level» жана жүк ташуучу «IAG Cargo» авиакомпаниясына ээ.

Жыл башынан бери дүйнө жүзү боюнча ички каттамдардагы жүргүнчүлөрдүн саны 57,5% га, ал эми эл аралык каттамдарда 91,9% га кыскарган.

40 авиакомпания банкротко учураган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM