Талас облусунда жер титиреди. Бул тууралуу Сейсмология институту маалымдады.
Очогундагы күчү 3.5 баллга жеткен силкинүү кечээ, 5-сентябрда кечки саат 8:45тер чамасында катталган. Жер титирөө Бакай-Ата районунун Кыргызстан айылында, Кара-Буура районунун Бакыян, Бейшеке айылдарында 3,5 баллга, Бакай-Ата районунун Миң-Булак, Бакай-Ата айылдарында 3 баллга, Талас шаарында жана Бакай-Ата районунун Өзгөрүш айылында 2,5 баллга чейин сезилген.
Жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.