Биз менен байланышыңыз

Футбол. Кыргызстан-Тажикстан дүйнө чемпионатына тандоо турунда беттешет (видео)

Кыска кабар , Спорт | 4 Сен 2019 | 47 | 0

Футбол боюнча Кыргызстандын улуттук курамасы Дүйшөмбү шаарына барды. Эртең алар 2022-жылы өтүүчү дүйнө чемпионатынын тандоо турунда Тажикстандын курамасы менен беттешет. Бул тууралуу өлкөнүн Футбол федерациясы кабарлады. Бүгүн Ак шумкарлар Дүйшөмбү шаарында беттеш алдындагы акыркы машыгуусун өткөрөт.

Башкы машыктыруучу Александр Крестининдин жетекчилигиндеги курамага 23 оюнчу киргизилген. Тажикстан – Кыргызстан беттеши 5-сентябрда Бишкек убактысы боюнча саат 20:00дө башталат.

Эске сала кетсек, 17-июлда Куала-Лумпур шаарындагы Азия футбол конфедерациясынын штаб-квартирасында чүчүкулак тартылып, улуттук курамабыз Жапония, Тажикстан, Мяньма жана Монголия курамалары менен бирге «F» тайпасына жайгашкан.

Copyright © 2017 Maral FM