Биз менен байланышыңыз

Өзбекстандын Кыргызстандагы Элчисинин дипломатиялык миссиясы аяктады

Кыска кабар | 3 Сен 2019 | 604 | 0

Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков Өзбекстандын Кыргызстандагы элчиси Комил Рашидовдун дипломатиялык миссиясынын аякташына байланыштуу кабыл алды. Бул тууралуу министрликтин маалыматтык департаменти билдирди.

«Жолугушууда эки тараптуу кыргыз-өзбек мамилелеринин актуалдуу маселелери, мамлекет башчылардын деңгээлинде мурда жетишилген макулдашууларды ишке ашыруу талкууланды. Жогорку деңгээлдеги сапарларды уюштурууга, эки өлкө ортосундагы кызматташтык боюнча Биргелешкен өкмөттөр аралык комиссиянын, эки мамлекеттин Өкмөт башчыларынын төрагалыгы астында чек арага жакын облустардын жетекчилеринин Кеңешинин кезектеги жыйындарын өткөрүүгө өзүнчө көңүл бурулду», — деп айтылат билдирүүдө.

Тараптар Кыргыз Республикасы менен Өзбек Республикасынын ортосундагы достук, жакын кошуналык, өз ара пайдалуу кызматташтык жана стратегиялык өнөктөштүктүн негизинде  түзүлгөн тарыхый мамилелерди мындан ары кеңейтүү жана тереңдетүү максатында биргелешип иш жүргүзүүгө бекем ниетин билдиришти.

Министр Айдарбеков элчи Рашидовго анын жемиштүү иши жана кыргыз-өзбек мамилелерин өнүктүрүүдөгү жеке салымы үчүн ыраазычылык билдирип, мындан аркы ишмердүүлүгүнө ийгилик каалады. Өз кезегинде, элчи өзүнүн Кыргызстандагы дипломатиялык кызматы учурунда биргелешкен жемиштүү аракеттер үчүн ыраазычылык билдирди.

Copyright © 2017 Maral FM