Биз менен байланышыңыз

Өмүрбек Текебаев кичи мекенине барды

Кыска кабар | 2 Сен 2019 | 734 | 0

«Ата-Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев 1-сентябрда өзүнүн кичи мекени Жалал-Абад облусуна караштуу Базар-Коргон районунун Акман айылына барды.

Аны Бишкек–Ош жолунан айылдаштары тосуп алды. Маалым болгондой бүгүн, 2- сентябрда саясатчы түлөө өткөрүүнү пландоодо.

«Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев менен анын партиялашы Дүйшөнкул Чотонов 2017-жылы орусиялык жаран Леонид Маевскийдин «1 миллион доллар пара алган» деген көрсөтмөсүнүн негизинде «Коррупция» беренеси менен айыпталып, сегиз жылга соттолгон.

29-августта Биринчи май райондук соту «Ата-Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевди үй камагына чыгарган.

 

 

Copyright © 2017 Maral FM