Биз менен байланышыңыз

Алтынай Өмүрбекова мамлекеттик туунун авторлору менен жолукту

Без рубрики , Кыска кабар | 31 Авг 2019 | 477 | 0

Вице-премьер-министр Өмүрбекова Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусунун авторлору Эдил Айдарбеков, Бекбосун Жайчыбеков жана Жусуп Матаев менен жолукту. Бул тууралуу Өкмөттүк аппараттын маалымат кызматы билдирди.

Жолугушуу Эгемендүүлүк күнүнүн 28 жылдыгын белгилөөнүн алдында болду.

Алтынай Өмүрбекова мамлекеттик желектин авторлорун куттуктап, алардын көз карандысыздыгын бекемдөөгө кошкон салымын белгиленди.

«Кыргыз Республикасынын Туусу – мамлекеттин негизги белгиси. Мамлекеттик желектин өзгөчө маниси бар. Бул жөн элестүү сүрөт эмес, сыймыктуу нерсе», – деди вице-премьер-министр.

Мамлекеттик туунун авторлору Өкмөткө өлкөнүн Эгемендүүлүк күнүнүн алдында өзгөчө көңүл бургандыгы үчүн ыраазычылык билдиришти.

Мындан тышкары жолугушууда желектин авторлорунун көз карандысыздыкты бекемдөөгө кошкон салымын эске алып, аларга колдоо көрсөтүү маселеси дагы талкууланды.

Мамлекеттик туунун авторлоруна премьер-министринин атынан белектер берилди.

Эске салсак, мамлекеттик туусу 1992-жылдын 3-мартында Жогорку Советтин токтому менен бекитилген. Авторлору: Эдил Айдарбеков, Бекбосун Жайчыбеков, Жусуп Матаев, Сабыр Иптаров и Маматбек Сыдыков.

 

Copyright © 2017 Maral FM