Биз менен байланышыңыз

Украина: Премьер-министр отставкага кетти

Дүйнө , Кыска кабар | 29 Авг 2019 | 481 | 0

Украинанын премьер-министри Владимир Гройсман отставкага кетти. Бул тууралуу анын Facebook баракчасына жарыялаган видео кайрылуусунда айтылат.

«Миллиондогон адамдардын тагдырына байланыштуу болгон чечимдерди кабыл алуу оңой эмес экенин өз тажрыйбамда билем», — дейт Гройсман. Ал өкмөт башчылыктан  «таза абийир» менен кетип жатканын жана алдыда Украина үчүн кызмат кылууга даяр экенин белгилеген.

Гройсман келе турган жаңы премьер-министрге ийгиликтерди каалап, өкмөттүн иштери, жарандарынын тагдыры анын аракеттеринен көз каранды экенин кошумчалаган.

«Страна.ua» порталынын маалыматына таянсак, Украинанын президенти Владимир Зеленский өкмөт башчылыкка президенттик аппараттын жетекчисинин орун басары Алексей Гончаруктун талапкерлигин көрсөтүшү күтүлүүдө.

Белгилей кетсек, Гончарук Украинадагы президенттик шайлоонун 2-туруна жакын Зеленскийдин ким экенин билбей турганын жана экс-президент Пётр Порошенко көбүрөөк колдоорун турганын айткан.

Гройсман Украин өкмөтүн 2016-жылдан тарта жетектеп келген. Ал Порошенко президенттиктен келкен соң аны менен иштөө татаал экенин мойнуна алган.

Copyright © 2017 Maral FM