Биз менен байланышыңыз

Быйыл билим берүү чөйрөсүнө бюджеттен 29,3 млн сом каралган

Кыска кабар | 24 Авг 2019 | 808 | 0

Ушул жылы мамлекеттик бюджеттен билим берүү чөйрөсүнө 29,3 млн сом каралган, анын 74,8%ы 120 миң кызматкердин айлык маянасына жумшалат. Бул тууралуу  Өкмөттүк аппараттын маалымат кызматы билдирди.

Эске салсак, кечээ, 23-августта премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев ушул жылдын 1-октябрынан тартып мугалимдердин айлыгы 30%га көтөрүлөрүн билдирген болчу.

Эмгек акысын көтөрүү төмөнкүлөргө тийиштүү:

  • Жалпы билим берүү уюмдарынын 77 миң 860 мугалими;
  • Мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын 7 миң 694 тарбиячысы;
  • Кесиптик-техникалык окуу жайлардын 3 миң 680 өндүрүштүк окутуу мастери;
  • Орто кесиптик окуу жайлардын 7 миң 427 окутуучусу (училище, колледждер);
  • Билим берүүнүн башка 23 миң 339 кызматкери.

Эмгек акы төлөө фондунун көрсөтүлгөн суммасынын 69% педагогикалык кызматкерлерге жана 11,5% административдик-башкаруу кызматкерлерине төлөнөт.

 

Copyright © 2017 Maral FM