Ушул жылы мамлекеттик бюджеттен билим берүү чөйрөсүнө 29,3 млн сом каралган, анын 74,8%ы 120 миң кызматкердин айлык маянасына жумшалат. Бул тууралуу Өкмөттүк аппараттын маалымат кызматы билдирди.
Эске салсак, кечээ, 23-августта премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев ушул жылдын 1-октябрынан тартып мугалимдердин айлыгы 30%га көтөрүлөрүн билдирген болчу.
Эмгек акысын көтөрүү төмөнкүлөргө тийиштүү:
- Жалпы билим берүү уюмдарынын 77 миң 860 мугалими;
- Мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын 7 миң 694 тарбиячысы;
- Кесиптик-техникалык окуу жайлардын 3 миң 680 өндүрүштүк окутуу мастери;
- Орто кесиптик окуу жайлардын 7 миң 427 окутуучусу (училище, колледждер);
- Билим берүүнүн башка 23 миң 339 кызматкери.
Эмгек акы төлөө фондунун көрсөтүлгөн суммасынын 69% педагогикалык кызматкерлерге жана 11,5% административдик-башкаруу кызматкерлерине төлөнөт.